# МСКнын 2023-жылдын 29-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2023-жылдын 29-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: №160
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2024
- Редакциянын күнү: 29.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-49>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/49>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2023-жылдын 29-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (29.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-49

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_29\_май\_\_\_\_\_ 2023-ж. / г. № \_\_\_160\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 22-майындагы №122 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296 жана 297-беренелерин ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы 2023-жылдын 22-майындагы №122 "Алып келүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, программалык KKM орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган буйруктун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 29, 30, 31, 32, 33-пункттар менен толукталсын:

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А. Мурзакматов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.

4. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып 5 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
