# МСКнын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: №85
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2023
- Редакциянын күнү: 10.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-47>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/47>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө" буйругу (10.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-47

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_10\_апрель\_\_ 2023-ж. / г. № \_\_\_\_85\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында, ошондой эле документти электрондук форматка өткөрүү жана салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүүнүн инновациялык методдорун киргизүү максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдерин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Салык төлөөчү мойнуна алган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы (NEDOIMKA STI-017) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) иштөө үчүн insp.salyk.kg системасына киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту иштеп жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Б.Алиевге жүктөлсүн.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
