Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы иинистрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 129 „Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө“ жана 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” буйруктарына өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __15-апрель__ 2024___-ж. / г. № __111____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы иинистрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 129 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" жана 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” буйруктарына өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 131-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-фeвpaлындaгы № 95 токтому (KP Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 83 токтомунун редакциясында) менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибине ылайык, буирук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 129 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдерин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу үчүн салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актынын (NEDOIMKA ЅТІ-037) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин;
2) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
- Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актынын (NEDOIMKA ЅТІ-032) формасы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
— 1-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) insp.salyk.kg системасына жогоруда бекитилген формаларга ылайык тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул формаларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту иш жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
| Төраганын м.у.а | Б.А.Алиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.