# МСКнын 2026-жылдын 27- августдагы № П- 354 « Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу » буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2026-жылдын 27- августдагы № П- 354 « Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу » буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2026
- Редакциянын күнү: 27.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-440>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/440>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2026-жылдын 27- августдагы № П- 354 « Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу » буйругу (27.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-440

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_27 августа \_\_\_\_\_\_ 2026\_\_\_-ж. / г. № П- 354\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 145 "Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген салык отчеттуулугунун формалары жана аларды толтуруу жана берүү тартиптери ушул буйруктун тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын:

- сатуудан алынуучу салык боюнча отчет (FORMSTI-129\_8) 1-тиркемеге ылайык;

- Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORMSTI-129) толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;

- бирдиктүү салык боюнча отчет (FORMSTI-091\_10, FORM STI-091\_11) 3-тиркемеге ылайык;

- Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091\_10, FORM STI-091\_11) толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;

- Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту (FORM STI-062) толтуруу жана берүү тартиби 5-тиркемеге ылайык.

2. Жаңыдан курулган турак жана турак эмес жайларды сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттер 2026-жылдын 1-январынан тартып сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORM STI-129\_8), бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091\_11) берүүгө укуктуу деп белгиленсин.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык жана функционалдык башкармалыктарына жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Төрага A. Н. Шыкмаматов
