Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Приказ ГНС «О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики „Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления“ от 24 февраля 2022 года №73»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __27_сентябрь__ 2024-ж. / г. № ___289___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекетгик салык кызматынын 2024-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр киргизилсин:
— жогоруда аталган буйрук менен бекитилген пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөө (FORM STI-107) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;
— жогоруда аталган буйрук менен бекитилген пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү (FORM STI-107) толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана Н.У.Салиевага жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2024-жылды 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү (FORM STI-107) толтуруунун жана берүүнүн
тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөө (FORM STI-107) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.
2. Отчет электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
Электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Салык төлөөчү салык органы тарабынан салык отчетун алгандыгы жөнүндө маалыматты электрондук түрдө алат.
3. 001-уячада:
1) эгерде эсептөө отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" белгиси "алгачкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде эсептөө ушул отчеттук мезгил үчүн мурда тапшырылса, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, тапшырылып жаткан эсептөөдө оңдолгон болсо, "X" белгиси "такталган" уячасында көрсөтүлөт.
4. 901-уячада салык органы эсептөөнү кабыл алган дата көрсөтүлөт.
5. 902-уячада эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
2. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" II бөлүмүн толтуруу тартиби
6. Эсептөөнүн уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН) көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы ыйгарган ИУРК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу пункттун (облус, шаар/облус, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефон номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почта дареги көрсөтүлөт.
7. 201 жана 202-уячаларда отчеттук мезгил көрсөтүлөт.
3. "Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча маалымат" II бөлүмүн толтуруу тартиби
8. 203–212-уячалар Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүдөн киреше алган жана пайда салыгынын алдын ала суммасын 10 пайыз ставка боюнча эсептеген салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
9. 203-уячада Кыргыз Республикасынын аймагында алынган жана бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелген салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.
10. 204-уячада бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелген жана 203-уячада көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан чыгымдар көрсөтүлөт.
11. 205-уячада 203 жана 204-уячалардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Эгерде маани терс же "0" барабар болсо, 207 жана
210-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
12. 206-уячада пайда салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
13. 207-уячада отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт (205-уячасы 206-уячага көбөйтүлөт).
14. 210-уячада отчеттук салык мезгилинин салык салынуучу кирешесинен эсептен чыгарып салуу катары көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгашалардын эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде салык төлөөчү отчеттук салык мезгилине мурдагы салык мезгилдеринен көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгашаларга ээ болсо, салык төлөөчү 210-уячаны чагылдыруу үчүн чагашалардан эсептелген пайда салыгынын суммасын аныктайт.
Мында 210-уячада чагылдырылуучу сумма 207-уячада көрсөтүлгөн суммадан көп болбошу керек.
15. 211-уячада мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт. Мында биринчи квартал үчүн "0" цифрасы көрсөтүлөт.
16. 212-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (207, 210 жана 211-уячалардын ортосундагы айырма).
17. 303–312-уячалар Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүдөн киреше алган жана пайда салыгынын алдын ала суммасын
3 пайыз ставка боюнча эсептеген салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
18. 303-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алынган жана бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелген салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.
19. 304-уячада бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелген жана 303-уячада көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан чыгымдар көрсөтүлөт.
20. 305-уячада 303 жана 304-уячалардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Эгерде маани терс же "0" барабар болсо, 307 жана
310-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.
21. 306-уячада пайда салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
22. 307-уячада отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт (305-уячасы 306-уячага көбөйтүлөт).
23. 310-уячада отчеттук салык мезгилинин салык салынуучу кирешесинен эсептен чыгарып салуу катары көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгашалардын эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде салык төлөөчү отчеттук салык мезгилине мурдагы салык мезгилдеринен көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгашаларга ээ болсо, салык төлөөчү 310-уячаны чагылдыруу үчүн чагашалардан эсептелген пайда салыгынын суммасын аныктайт.
Мында 310-уячада чагылдырылуучу сумма 307-уячада көрсөтүлгөн суммадан көп болбошу керек.
24. 311-уячада мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт. Мында биринчи квартал үчүн "0" цифрасы көрсөтүлөт.
25. 312-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (307, 310 жана 311-уячалардын ортосундагы айырма).
26. 213-уячада 212 жана 312-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын оң, нөлдүк же терс мааниси түрүндөгү пайда салыгынын бардык суммасы көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.