# МСКнын 2026-жылдын 23-мартындагы № 134-П "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2026-жылдын 23-мартындагы № 134-П "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 134-П
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2026
- Редакциянын күнү: 23.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-439>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/439>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2026-жылдын 23-мартындагы № 134-П "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (23.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-439

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 23 марта 2026-ж. / г. № П-134 |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 309 жана 317-беренелерине ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген салык отчеттуулугунун төмөнкү формалары жана аларды толтуруу жана берүү тартиптери ушул буйруктун тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын:

- сатуудан алынуучу салык боюнча отчет (FORM STI-129) 1- тиркемеге ылайык;

-Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORM STI-129) толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;

- бирдиктүү салык боюнча отчет (FORM STI-091) 3-тиркемеге ылайык;

- Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091) толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;

- Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту (FORM STI-062) толтуруу жана берүү тартиби 5-тиркемеге ылайык.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Төрага A. Н. Шыкмаматов

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

2026-жылдын 25-мартындагы

№ П-134 буйругуна 1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

2026-жылдын 25-мартындагы

№ П-134 буйругуна 2-тиркеме

Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – Салык кодекси) XII бөлүмүнө ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (мындан ары – отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.

2. 001-уячада: – эгерде отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса, “X” түрүндөгү белги “Алгачкы” уячасында көрсөтүлөт; – эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн отчет берилип, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилүүчү отчетто оңдолсо, “X” түрүндөгү белги “Такталган” уячасында көрсөтүлөт; – эгерде отчет салык төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, “X” түрүндөгү белги “Жоюлган” уячасында көрсөтүлөт.

3. 002-уячада: – эгерде отчетту чакан ишкердик субъекттери тапшырса, “X” түрүндөгү белги “Чакан ишкердик субъект” уячасында көрсөтүлөт, отчет квартал сайын берилет; – эгерде отчетту орто ишкердик субъекттери тапшырса, “X” түрүндөгү белги “Орто ишкердик субъект” уячасында көрсөтүлөт, отчет ай сайын берилет; – эгерде отчетту ири ишкердик субъекттери тапшырса “X” түрүндөгү белги “Ири ишкердик субъект” уячасында көрсөтүлөт, отчет ай сайын берилет.

4. “Салык төлөөчү жөнүндө маалымат” I бөлүмүндө 102-104-уячалар “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык тутуму тарабынан автоматтык түрдө толтурулат. 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефону көрсөтүлөт.

5. 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгили башталган дата (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.

6. 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. Эскертүү: Чакан ишкердиктин салык төлөөчүсү “Кварталды тандаңыз” уячасын басып, белгилүү бир кварталды тандайт, андан кийин 201 жана 202-уячалардагы салык мезгили тууралуу маалыматтар 2 автоматтык түрдө толтурулат. Орто жана ири ишкердиктин салык төлөөчүсү “Ай” уячасына тиешелүү салык мезгилин тандаса, 201 жана 202-уячалардагы даталар автоматтык түрдө чыгат.

7. 901-уячада салык органы отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.

2. Чакан, орто жана ири ишкердик субъекттеринин сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORM STI-129) толтуруу өзгөчөлүктөрү

8. Сатуудан алынуучу салык боюнча отчет (FORM STI-129) чакан, орто жана ири ишкердик субъекттери тарабынан берилет. 9. “Сатуудан алынуучу салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

9.1 “Салык салынуучу база (товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча)” бөлүмчөсүндө:

1) 1-графада – товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт;

2) 2-графада – сатуудан алынуучу салыктын ставкасы (мындан ары – ставка) көрсөтүлөт, анда салык төлөөчү жеткирүүнүн түрүнө ылайык бир ставканы (0%, 1%, 2%, 3%, 5%) тандайт;

3) 2-графада – сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын көлөмү (1-графа) х ставка (2-графа) / 100%; Ар кандай ставкалар менен бир нече жеткирүүлөрдө төмөнкү бурчта “Кошуу” баскычын басуу керек. 124-уячада бөлүмчөнүн 1-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу автоматтык түрдө эсептелет. 125-уячада бөлүмчөнүн 1-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу автоматтык түрдө эсептелет.

9.2 “Учурдагы отчеттук мезгилдеги аванстык төлөмдөр” бөлүмчөсүндө:

1) 1-графада – аванстык төлөмдүн көлөмү көрсөтүлөт;

2) 2-графада – сатуудан алынуучу салыктын ставкасы (мындан ары – ставка) көрсөтүлөт, анда салык төлөөчү жеткирүүнүн түрүнө ылайык бир ставканы (0%, 1%, 2%, 3%, 5%) тандайт;

3) 3-графада – сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: аванстык төлөмдүн көлөмү (1-графа) х салыктын ставкасы (2-графа) / 100%; Ар кандай ставкалар менен бир нече жеткирүүлөрдө төмөнкү бурчта “Кошуу” баскычын басуу керек. 126-уячада бөлүмчөнүн 1-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу автоматтык түрдө эсептелет. 127-уячада бөлүмчөнүн 3-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу 3 автоматтык түрдө эсептелет.

9.3. “Өткөн отчеттук мезгилдердеги салык базасына киргизилген аванстык төлөмдөр” бөлүмчөсүндө:

1) 1-графада – мурунку отчеттук мезгилде алынган аванстын суммасы көрсөтүлөт, эгер учурдагы отчеттук мезгилде жеткирүү жүргүзүлгөн болсо;

2) 2-графада – сатуудан алынуучу салыктын ставкасы (мындан ары – ставка), анда салык төлөөчү жеткирүүнүн түрүнө ылайык бир ставканы (0%, 1%, 2%, 3%, 5%) тандайт;

3) 3-графада – сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: аванстык төлөмдүн суммасы (1-графа) х салыктын ставкасы (2-графа) / 100%; Ар кандай ставкалар менен бир нече жеткирүүлөрдө төмөнкү бурчта “Кошуу” баскычын басуу керек. 128-уячада бөлүмчөнүн 1-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу автоматтык түрдө эсептелет. 129-уячада бөлүмчөнүн 3-графасындагы маанилерди кошуу аркылуу автоматтык түрдө эсептелет.

10. 130-уячада “Жалпы салык салынуучу база (товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча, анын ичинде аванстык төлөмдөр)” 124, 126 жана 128-уячалардын маанилерин кошуу жолу менен автоматтык түрдө аныкталат, мында 128-уячанын мааниси кемитүү “–” белгиси менен эсепке алынат.

11. 131-уячада “Салыктын жалпы суммасы” 125, 127 жана 129-уячалардын маанилерин кошуу жолу менен автоматтык түрдө аныкталат, мында 129-уячанын мааниси кемитүү “–” белгиси менен эсепке алынат.

Эскертүү: Сатуудан алынуучу салык боюнча милдеттенмелер пайда болбогон товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) саткан учурда, мындай маалыматтар отчетто чагылдырылбайт.

Ошондой эле, эгерде салык төлөөчүдө ишкердик иш жок болсо, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен бекитилген Салык кодексинин 99-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

2026-жылдын 25-мартындагы

№ П-134 буйругуна 3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

2026-жылдын 25-мартындагы

№ П-134 буйругуна 4-тиркеме

Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091) толтуруу жана берүү тартиби

1. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091\_9) (мындан ары – Отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.

2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.

3. 001-уячада:

– эгерде Отчет отчеттук мезгилде биринчи жолу берилип жатса, “Х” түрүндөгү белги “алгачкы” уячасында көрсөтүлөт;

– эгерде ушул эле отчеттук мезгил үчүн мурда Отчет берилип, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Отчетто оңдолсо, “Х” түрүндөгү белги “такталган” уячасында көрсөтүлөт;

– эгерде Отчет төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу берилсе, “Х” түрүндөгү белги “жоюулуучу” уячасына коюлат.

4. “Салык төлөөчү жөнүндө маалымат” I бөлүмүндө 102–104-уячалар “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык тутуму тарабынан автоматтык түрдө толтурулат. 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефону көрсөтүлөт.

5. 201-уячада Отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин башталган датасы (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт.

6. 202-уячада Отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы датасы (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт.

7. 901-уячада салык органы Отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.

2. Отчеттун “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат”

## II бөлүмүн толтуруу тартиби

8. Ишкердик субъекттердин жүргүзгөн ишине жараша “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүнүн тиешелүү уячалары толтурулат.

9. 050-уячада өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектти, импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт, катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмү 50 000 000 сомго чейинкини түзөт.

10. 051-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

11. 052-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (050-уячанын мааниси х 051-уячанын мааниси) / 100% формула боюнча аныкталат.

12. 053-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын накталай формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

13. 054-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

14. 55-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (053-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

15. 056-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын накталай эмес формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

16. 057-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

17. 058-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (056-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

18. 059-уячада 055 жана 058-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

19. 060-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү чөйрөлөрү, туроператордук иштер, эсептөө техникалары жаатында программалык камсыз кылууну иштеп чыгуучулар, ошондой эле турагенттик иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

20. 061-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

21. 062-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (060-уячанын мааниси х 061-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

22. 063-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү чөйрөлөрү, туроператордук иштер, эсептөө техникалары жаатында программалык камсыз кылууну иштеп чыгуучулар, ошондой эле турагенттик иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай эмес формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

23. 064-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

24. 065-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (063-уячанын мааниси х 064-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

25. 066-уячада 062 жана 065-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

26. 067-уячада иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

27. 068-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

28. 069-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (067-уячанын мааниси х 068-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

29. 070-уячада иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай эмес формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

30. 071-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

31. 072-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (070-уячанын мааниси х 071-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

32. 073-уячада 069 жана 072-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

33. 074-уячада коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

34. 075-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

35. 076-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (074-уячанын мааниси х 075-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

36. 077-уячада коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын накталай эмес формада төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.

37. 078-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

38. 079-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (077-уячанын мааниси х 078-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

39. 080-уячада 076 жана 079-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

40. 130-уячада тигүү жана/же текстиль өндүрүшү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

41. 131-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

42. 132-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (130-уячанын мааниси х 131-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

43. 133-уячада зергердик буюмдарды өндүрүү жана/же сатуу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

44. 134-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

45. 135-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (133-уячанын мааниси х 134-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

46. 136-уячада лотереялык иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

47. 137-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

48. 138-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал

(136-уячанын мааниси х 137-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

49. 139-уячада сауна боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

50. 140-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

51. 141-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (139-уячанын мааниси х 140-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

52. 142-уячада бильярд боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

53. 143-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

54. 144-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (142-уячанын мааниси х 143-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

55. 145-уячада муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

56. 146-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

57. 147-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (145-уячанын мааниси х 146-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

58. 148-уячада креативдүү индустрия паркынын резиденти боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

59. 149-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

60. 150-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (148-уячанын мааниси х 149-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

61. 151-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгарууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товардын наркы көрсөтүлөт.

62. 152-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

63. 153-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (151-уячанын мааниси х 152-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

64. 154-уячада айыл чарба даярдоочусу иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

65. 155-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

66. 156-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (154-уячанын мааниси х 155-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

67. 157-уячада айыл чарбасындагы сүт даярдоочусу иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

68. 158-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

69. 159-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (157-уячанын мааниси х 158-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

70. 160-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1, 2-1, 3, 8-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салык төлөй турган, жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатуучу субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.

71. 161-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

72. 162-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

73. 163-уячада Салык кодексинин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗ субъекти тарабынан товарларды жарым-жартылай иштетилген түрдө ташып чыгарууда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

74. 164-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

75. 165-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

76. 166-уячада Салык кодексинин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗ субъекти тарабынан товарларды өзгөртүлбөгөн түрдө ташып чыгарууда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

77. 167-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

78. 168-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

79. 169-уячада 165 жана 168-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

80. 170-уячада Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкердин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.

81. 171-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

82. 172-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (170-уячанын мааниси х 171-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

83. 173-уячада Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.

84. 174-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

85. 175-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (173-уячанын мааниси х 174-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

86. 176-уячада виртуалдык активди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.

87. 177-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

88. 178-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (176-уячанын мааниси х 177-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

89. 179-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъекттин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.

90. 180-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

91. 181-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (179-уячанын мааниси х 180-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

92. “Учурдагы отчеттук мезгилдеги аванстык төлөмдөр” бөлүгүндө:

– “аванстык төлөмдүн көлөмү” экинчи графада алынган аванстын суммасы көрсөтүлөт;

– үчүнчү графада салыктын ставкасы көрсөтүлөт, анда салык төлөөчү иштин түрүнө жана төлөө формасына (накталай жана накталай эмес форма) ылайык салыктын бир ставкасын (0%, 0,1%, 0,25%, 0,5%, 1%, 2%, 3%, 4%, 6%, 8%) тандайт;

– төртүнчү графада аванстык төлөмдөн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча автоматтык түрдө аныкталат:

(2-графанын мааниси × 3-графанын мааниси) / 100%.

Эгерде ар кандай ставка менен аванс алынган болсо, төмөнкү бурчтагы “Кошуу” баскычын басуу керек.

93. 182-уячага 2-графанын суммасына барабар болгон аванстык төлөмдөрдүн жалпы суммасы көрсөтүлөт.

94. 183-уячада 4-графанын суммасына барабар болгон аванстык төлөмдөр боюнча бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

95. “Өткөн отчеттук мезгилдердеги салык базасына киргизилген аванстык төлөмдөр” бөлүгүндө:

– “аванстык төлөмдүн көлөмү” экинчи графада мурунку отчеттук мезгилде алынган аванстын суммасы көрсөтүлөт, эгер учурдагы отчеттук мезгилде жеткирүү жүргүзүлгөн болсо.

– үчүнчү графада салыктын ставкасы көрсөтүлөт, анда салык төлөөчү иштин түрүнө жана төлөө формасына (накталай жана накталай эмес форма) ылайык салыктын бир ставкасын (0%, 0,1%, 0,25%, 0,5%, 1%, 2%, 3%, 4%, 6%, 8%) тандайт;

– төртүнчү графада аванстык төлөмдөн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча автоматтык түрдө аныкталат:

(1-графанын мааниси × 2-графанын мааниси) / 100%.

Эгерде ар кандай ставка менен аванс алынган болсо, төмөнкү бурчтагы “Кошуу” баскычын басуу керек.

96. 184-уячага 2-графанын суммасына барабар болгон аванстык төлөмдөрдүн жалпы суммасы көрсөтүлөт.

97. 185-уячада 4-графанын суммасына барабар болгон аванстык төлөмдөр боюнча бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

98. 186-уячасында “Жалпы салык салынуучу база (товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча, анын ичинде аванстык төлөмдөр)” көрсөткүчү чагылдырылат жана ал 050, 053, 056, 060, 063, 067, 070, 074, 077, 130, 133, 136, 139, 142, 145, 148, 151, 154, 157, 160, 163, 166, 170, 173, 176, 179, 182 жана 184-уячалардын маанилерин кошуу жолу менен автоматтык түрдө аныкталат, мында 184-уячанын мааниси кемитүү “–” белгиси менен эсепке алынат.

99. 187-уячада “Бирдиктүү салыктын жалпы суммасы” көрсөтүлөт жана ал 052, 059, 066, 073, 080, 132, 135, 138, 141, 144, 147, 150, 153, 156, 159, 162, 165, 169, 172, 175, 178,181,183 жана 185-уячалардын маанилерин кошуу жолу менен автоматтык түрдө аныкталат, мында 185-уячанын мааниси кемитүү “–” белгиси менен эсепке алынат.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

2026-жылдын 25-мартындагы

№ П-134 буйругуна 5-тиркеме

По техническим причинам, версия на кыргызском языке будет загружена в ближайшее время

Техникалык себептерден, кыргыз тилиндеги версия жакында жүктөлөт
