Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 „Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө“ буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| 18 июня 2025-ж. / г. № 360 | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 "Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун (FORM STI-161-6) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161-6) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) Бирдиктүү салык боюнча отчеттун (FORM STI-091-6) формасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-6) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) Акциз салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-070) формасы ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) Акциз салыгы боюнча отчетту (FORM STI-070) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т.Оморов) ушул буйрук менен бекитилген салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары К.А.Ысабековго, Б.М.Джиенбековго, М.А.Рахмановго жана А.А.Алманбетовго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун 1 жана 2-пунктчаларын кошпогондо, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Төрага A.Н.Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
18.06. 2025-ж. №360 буйругуна
2-тиркеме
По техническим причинам, версия на кыргызском языке будет загружена в ближайшее время
Техникалык себептерден, кыргыз тилиндеги версия жакында жүктөлөт
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
18.06. 2025-ж. №360 буйругуна
4-тиркеме
Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091_6) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-6) (мындан ары – Отчет) толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.
3. 001-уячасында:
- эгерде Отчет отчеттук мезгилинде биринчи жолу берилип жатса, “Х” түрүндөгү белги “баштапкы” уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде ушул эле отчеттук мезгил үчүн мурда Отчет берилип, бирок кийин берилген Отчетто оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, “Х” түрүндөгү белги “такталган” уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде Отчет төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу берилсе, “Х” түрүндөгү белги “жоюулуучу” уячасына коюлат.
4. “Салык төлөөчү жөнүндө маалымат” “I” бөлүмүндө 102ден тартып 107ге чейинки уячалар “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык тутуму менен автоматтык түрдө толтурулат.
5. 201-уячада Отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
6. 202-уячада Отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
7. 901-уячада салык органы Отчетту кабыл алган датасы көрсөтүлөт.
2. Отчеттун “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүн толтуруу тартиби
8. Ишкердик субъекттери жүргүзгөн ишине жараша “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүнүн тиешелүү уячалары толтурулат.
9. 050-уячада импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, субъект тарабынан жүзөгө ашырылуучу соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт, анын катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомго чейинкини түзөт.
10. 051-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
11. 052-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (050-уячанын мааниси х 051-уячанын мааниси) / 100% формула боюнча аныкталат.
12. 053-уячада импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, субъект тарабынан жүзөгө ашырылуучу соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт, анын катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейинкини түзөт.
13. 054-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
14. 055-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (053-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси) / 100% формула боюнча аныкталат.
15. 056-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
16. 057-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
17. 058-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (056-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат
18. 059-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
19. 060-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
20. 061-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (059-уячанын мааниси х 060-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
21. 062-уячасында 052 жана 061-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
22. 063-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагы боюнча накталай формада төлөнгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
23. 064-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
24. 065-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (063-уячанын мааниси х 064-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
25. 066-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагы боюнча накталай эмес формада төлөнгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
26. 067-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
27. 068-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (066-уячанын мааниси х 067-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
28. 069-уячасында 065 жана 068-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
29. 070-уячасында иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
30. 071-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
31. 072-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (070-уячанын мааниси х 071-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
32. 073-уячасында иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай эмес формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
33. 074-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
34. 075-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (073-уячанын мааниси х 074-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
35. 076-уячасында 072 жана 075-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
36. 077-уячасында коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
37. 078-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
38. 079-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (077-уячанын мааниси х 078-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
39. 080-уячасында коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай эмес формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
40. 081-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
41. 082-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (080-уячанын мааниси х 081-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
42. 083-уячасында 079 жана 082-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
43. 130-уячасында тигүү жана/же текстиль өндүрүшү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
44. 131-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
45. 132-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (130-уячанын мааниси х 131-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
46. 133-уячасында лотереялык иш боюнча жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн товарларын сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
47. 134-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
48. 135-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (133-уячанын мааниси х 134-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
49. 136-уячада сауна боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
50. 137-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
51. 138-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (136-уячанын мааниси х 137-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
52. 139-уячасында бильярд боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
53. 140-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
54. 141-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (139-уячанын мааниси х 140-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
55. 142-уячасында муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
56. 143-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
57. 144-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (142-уячанын мааниси х 143-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
58. 145-уячасында креативдүү индустрия паркынын резиденти боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
59. 146-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
60. 147-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (145-уячанын мааниси х 146-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
61. 148-уячасында базарларда жана кичи базарларда соода иши (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган) боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
62. 149-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
63. 150-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (148-уячанын мааниси х 149-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
64. 151-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген эсепфактурада көрсөтүлгөн товардын наркы көрсөтүлөт.
65. 152-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
66. 153-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (151-уячанын мааниси х 152-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
67. 154-уячасында айыл чарбасындагы даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт;
68. 155-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
69. 156-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (154-уячанын мааниси х 155-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
70. 157-уячасында айыл чарбасындагы сүт даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
71. 158-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
72. 159-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (157-уячанын мааниси х 158-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
73. 160-уячасында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1, 2-1, 3, 8, 13-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү, жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатуучу субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
74. 161-уячасында бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
75. 162-уячасында бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
76. 163-уячасында 062, 069, 076, 083, 132, 135, 138, 141, 144, 147, 150, 153, 156, 159 жана 162-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 18.06.2025-ж. №360 буйругуна 6-тиркеме
Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) X бөлүгүнө ылайык акциз салыгын эсептеп чыгууга жана төлөөгө арналган Акциз салыгы боюнча отчеттун (мындан ары - Отчет) формаларын толтуруу тартибин аныктаган Салык кодексине ылайык иштелип чыккан.
2. Отчет Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган акциздик товарларды өндүрүү боюнча экономикалык ишти жүргүзгөн акциз салыгын төлөөчү (мындан ары - салык төлөөчү) тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына ай сайын, отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын жыйырмасынан кийинки күндөн кечиктирилбей берилет.
3. Отчет төмөнкүлөрдөн турат:
1) Акциз салыгы боюнча отчеттон (FORM STI-070);
2) Отчеттун «Сатылган продукцияга акциз салыгы» 1-тиркемесинен (FORM STI-070-001);
3) Отчеттун «Пайдаланылган чийки затка акциз салыгы» 2-тиркемесинен (FORM STI-070-002);
4) Отчеттун «Атайын эсеп» 3-тиркемесинен (FORM STI-070-003).
4. Мында Отчеттун 1, 2 жана 3-тиркемелери (FORM STI-070-001, FORM STI-070- 002, FORM STI-070-003,) алар боюнча көрсөткүчтөр болгон учурда гана берилет.
5. Отчетту толтуруу үчүн алгач Акциз салыгы боюнча отчеттун көрсөткүчтөрү бар тиркемелерин (мындан ары - Отчеттун тиркемеси) толтуруу зарыл.
6. Эгерде салык төлөөчүнүн кайсы бир Тиркемелерди толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү жок болгон учурларда, мындай Тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Отчетко көрсөткүчтөрү бар гана Тиркемелер тиркелет.
7. Отчетту толтуруу толтурулган Тиркемелерде көрсөтүлгөн маалыматтарды Отчеттун тиешелүү формаларына көчүрүү менен башталат жана Отчеттун көрсөткүчтөрүн эсептөөлөр менен аяктайт.
8. Ушул Тартипте каралган учурлардан тышкары, көрсөткүчтөр жок болгон учурда тиешелүү уячаларда «0» мааниси көрсөтүлөт.
9. Отчеттун 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр тиркемелердин ушул уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен окшош болушу керек.
10. Отчеттун жана анын тиркемелеринин датаны камтыган уячаларында дата «КК.АА.ЖЖЖЖ» (күнү, айы жана жылы) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: «01.01.2022».
11. Отчеттун (FORM STI-070) көрсөткүчтөрү сом менен (тыйындарды тегеректөө менен), ал эми анын тиркемелеринде (FORM STI-070-001, 070-002, 070-003) сом жана тыйындар менен көрсөтүлөт.
12. Салык органынын атайын эсебине киргизилген акциздин (депозитин) суммасын, ошондой эле салык төлөөчүнүн эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/же салык төлөөдөн бошотууга укуктарын ырастаган документтер салык төлөөчүдө сактоодо болот жана Отчетко тиркелбейт. Салык төлөөчү тарабынан салыктын туура эсептелгенин жана төлөнгөнүн ырастаган көрсөтүлгөн башка документтер салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда салык органынын кызмат адамына берилет.
13. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берилет.
Отчетту электрондук документ түрүндө берүү салык төлөөчү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же электрондук документ жүгүртүү оператору аркылуу жүзөгө ашырылат.
14. Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилген электрондук документ түрүндөгү Кыйыр салыктар боюнча отчет жана анын тиркемелери ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форматка шайкеш келбеген учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
2. Акциз салыгы боюнча отчеттун формасын (FORM STI-070)
толтуруу
15. Төмөнкү учурларда 001-уячада «X» түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Отчет календардык ай үчүн биринчи жолу берилип жатса - белги «алгачкы» уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле салык мезгили үчүн Отчет берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген такталган Отчетто оңдолсо, белги «такталган» уячасында коюлат;
3) эгерде Отчет уюмдун жоюлушуна байланыштуу берилип жатса, анда отчеттун статусу «жоюлуучу».
Отчеттун электрондук түрүн толтурууда 001-уячага Отчеттун статусуна ылайык келүүчү төмөнкү цифралык маанилердин бири киргизилет:
1) «0» (нөл) - алгачкы;
2) «1» - такталган;
3) «3» - жоюлуучу.
16. Отчеттун уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн уюмдаштыруучу документтерине же паспортуна ылайык толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана анын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) Отчеттун 201 жана 202-уячаларында жана анын тиркемелеринде отчеттук салык мезгили башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт: Мисалы, 2022-жылдын январы үчүн. «01.01.2022» жана «31.01.2022»;
17. 112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардагы маалыматтар Отчет берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102, 103, 104, 107-уячалар боюнча маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келүүсү тийиш.
18. Отчеттун 050-уячасына сатылган акциздик товардын иш жүзүндөгү көлөмүнө кошуп эсептелген акциздин суммасын чагылдырган Акциз салыгы боюнча отчеттун «Сатылган продукцияга акциз салыгы» 01-тиркемесинин (FORM STI-070-001) «1-тиркеме боюнча бардыгы» сабынын көрсөткүчү көчүрүлөт.
19. Отчеттун 051-уячасына пайдаланылган чийки затка иш жүзүндө төлөнгөн акциз салыгынын жыйынтык суммасын чагылдырган Акциз салыгы боюнча Отчеттун «Пайдаланылган чийки затка акциз салыгы» 02-тиркемесинин (FORM STI-070-002) «Жыйынтык» сабынын көрсөткүчү көчүрүлөт.
20. Отчеттун 052-уячасында сатылган продукция боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиштүү акциздин суммасы көрсөтүлөт (050- уяча - 051-уяча).
21. 053-уячага салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин карточкасына кошуп эсептелүүгө тийиш Отчеттун «Атайын эсеп» 03-тиркемесинин (FORM STI-070-002) жыйынтык көрсөткүчү алып өтүлөт.
22. 054-уячада Салык кодексинин 342-беренесине ылайык Отчеттун 03- тиркемесин кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
23. Отчеттун 055-уячасында салык төлөөчүнүн эсебине кайтарылууга карата акциз суммасы көрсөтүлөт (053-уяча - 054-уяча).
24. Отчеттун салык төлөөчү тарабынан толтурулган тиркемелери 002 - уячада «X» белгиси менен белгиленет, бул тигил же башка тиркемелердин берилгендигин ырастоо болуп саналат. Отчет электрондук түрдө берилген учурда 002-уячага Отчеттун тиркемелерин берүү белгисине шайкеш келген төмөнкү цифралык маанилердин бири киргизилет:
«0» - эгер тийиштүү тиркеме берилбесе;
«1» - эгер тийиштүү тиркеме берилсе.
3. Акциз салыгы боюнча отчеттун «Сатылган продукцияга
акциз салыгы» 1-тиркемесинин формасын (FORM STI-070-001) толтуруу
25. Отчеттун «Сатылган продукцияга акциз салыгы» 1-тиркемесинде (FORM STI070-001) (мындан ары - 1 тиркеме) отчеттук мезгил ичинде өндүрүлгөн жана/же сатылган продукцияга акциздик товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
26. 1-тиркемеде аларга карата акциз маркалары же идентификациялоо каражаттары сатып алынган өндүрүлгөн даяр алкоголдук жана тамеки продукциялары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт жана ал аларды сатып алуунун ар бир датасына карата акциз маркаларын же идентификациялоо каражаттарын алууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келиши керек. Товарлардын калган акциздик топтору боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын же товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарына ылайык жүктөп жөнөтүүнүн ар бир фактысына карата өндүрүлгөн жүктөп жөнөтүлгөн продукция көрсөтүлөт.
27. 1-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлүүчү маалымат Отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.
28. 1-графада Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт.
29. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.
30. 3-графада өлчөө бирдигинин маалымдамасына ылайык өлчөө бирдигинин үч орундуу цифралык коду көрсөтүлөт. Өлчөө бирдигинин Маалымдамасы ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында жайгаштырылган.
31. 4-графада Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү көрсөтүлөт.
32. 5-графада экспортко сатылган продукциянын (маркалануучу жана маркаланбай турган) иш жүзүндөгү көлөмү көрсөтүлөт.
33. «Салык органынын же сатып алуучунун өлкөсүнүн коду» 6-графада:
- Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө сатып алуучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду;
же
- акциздик товарды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жеткирүүдө:
Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору ЭК (ИСО 3166) 004-97 ылайык үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
Эскертүү: Салык кодексинин 347-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык акциздик товарларды өндүрүүчүлөр тарабынан экспорттолуучу акциздик товарларга алар тарабынан мындай товарларды экспорттоо ырасталган шартта акциз салынбайт. Каралып жаткан ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтер ырасталбаган, берилбеген же толук көлөмүндө эмес берилген же бул акциздик товарлар боюнча кийинки салык контролу процессинде алардын аныктыгы ырасталбаган учурда, акциз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептелет.
34. 7-графада жүктөп-жөнөтүлгөн дата же акциздик маркалар же идентификациялоо каражаттары сатып алынган дата көрсөтүлөт.
35. 8-графада акциздин ставкасы (сом менен) көрсөтүлөт.
36. 9-графада гр.4 х гр. 8 формуласы менен аныкталуучу продукция боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш акциздин суммасы көрсөтүлөт.
37. 9-графа боюнча «1-тиркеме боюнча бардыгы» сабында 1-тиркеме боюнча акциздин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. «1-тиркеме боюнча бардыгы» сабы боюнча 9-жана 10-графалардын жыйынтык мааниси тиешелүү түрдө Отчеттун 050- жана 050-уячаларына көчүрүлөт.
38. Салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген Отчеттун 1-тиркемеси төмөндөгүдөй тартипте толтурулушу керек:
№ 1 мисал. Арак жана жүзүм ширесин өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн «А» ЖЧК салык органына 2022-жылдын январы үчүн акциз салыгы боюнча алгачкы отчетун берет. Мында, 2022-жылдын январы үчүн «А» ЖЧК 10000 литр арак жана 5000 литр жүзүм ширесин чыгарган. «А» ЖЧК Отчеттун «Сатылган продукцияга акциз салыгы» 01-тиркемесинин (FORM STI-070-001) формасын толтуруусу керек:
Арак:
- 001 уячада «X» белгиси менен «алгачкы» белгиленет;
- «Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын коду» 1-графада «0000220860» көрсөтүлөт;
- «товардын аталышы» 2-графада «арак» деп көрсөтүлөт;
- «өлчөө бирдиги» 3-графада өлчөө бирдиги боюнча маалымдамага ылайык өлчөө бирдигинин үч орундуу цифралык коду көрсөтүлөт.
- «Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү» 4-графада «10000» көрсөтүлөт;
- «экспортко сатылган продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү» 5-графада «0» көрсөтүлөт;
- «салык органынын/өлкөнүн коду» 6-графа төмөнкүдөй толтурулат, эгерде товар:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында сатылса, анда салык органынын коду көрсөтүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары экспорттолсо, анда өлкөнүн коду көрсөтүлөт;
- «жүктөп жөнөтүлгөн дата же акциздик маркалар же идентификациялоо каражаттары алынган күн» 7-графада «10.01.2022» көрсөтүлөт;
- «акциздин ставкасы (сом менен)» 8-графада колдонуудагы ставка «140» көрсөтүлөт;
- «продукция боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш акциздин суммасы»
9-графада «1400000» (10000 литр х 140 сом) көрсөтүлөт;
- «1-тиркеме боюнча бардыгы» уячада Отчеттун 050-уячасына көчүрүлүүчү ушул тиркеме боюнча «1400000» жыйынтык сумма көрсөтүлөт, анткени акциздик продукция маркалоого тийиш.
Жүзүм ширеси:
- «Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын коду» 1-графада «2204301000» көрсөтүлөт;
- «товардын аталышы» 2-графада «жүзүм ширеси» көрсөтүлөт;
- «өлчөө бирдиги» 3-графада өлчөө бирдиги боюнча маалымдамага ылайык өлчөө бирдигинин үч орундуу цифралык коду көрсөтүлөт.
- «Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү» 4-графада «5000» көрсөтүлөт;
- «экспортко сатылган продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү» 5-графада «0» көрсөтүлөт, эгерде товар Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары экспорттолбосо;
- «салык органынын/өлкөнүн коду» 6-графа төмөнкүдөй толтурулат, эгерде товар:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында сатылса, анда салык органынын коду көрсөтүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары экспорттолсо, анда өлкөнүн коду көрсөтүлөт;
- «жүктөп жөнөтүлгөн дата же акциздик маркалар же идентификациялоо каражаттары алынган күн» 7-графада «10.01.2022» көрсөтүлөт;
- «акциздин ставкасы (сом менен)» 8-графада колдонуудагы ставка «4» көрсөтүлөт;
- «продукция боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш акциздин суммасы» 9-графада «20000» (5000 литр х 4 сом) көрсөтүлөт;
- «1-тиркеме боюнча бардыгы» уячада Отчеттун 050-уячасына көчүрүлүүчү ушул 1-тиркеме боюнча «20000» жыйынтык суммасы көрсөтүлөт, анткени акциздик продукция маркалоого тийиш эмес.
4. Акциз салыгы боюнча отчеттун «Пайдаланылган чийки
затка акциз салыгы» 2-тиркемесинин (FORM STI-070-002) формасы толтуруу
39. Отчеттун «Пайдаланылган чийки затка акциз салыгы» (FORM STI-070-002) 2- тиркеме (мындан ары - 2-тиркеме), акциздик товарларды өндүрүү үчүн акциздик товарды негизги чийки зат катары пайдаланышкан салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулат.
40. 2-тиркемеде салык мезгили үчүн акциздик товарларды өндүрүүгө иш жүзүндө пайдаланылган акциздик чийки заттын санына жана чийки зат алынган жер боюнча акциз салыгынын салык милдеттенмелеринин суммасына тиешелүү маалымат көрсөтүлөт.
41. 2-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат, Акциз салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.
42. 1-графада ТЭИТН боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт.
43. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.
44. 3-графада өлчөө бирдигинин үч орундуу цифралык коду көрсөтүлөт.
45. 4-графада салык мезгилинин ичинде өндүрүлгөн продукцияга сарпталган чийки заттын саны көрсөтүлөт.
46. 5-графада жүктөп-жөнөтүлгөн дата көрсөтүлөт.
47. 6-графада төлөө мөөнөтү көрсөтүлөт.
48. 7-графада акциздин ставкасы (сом менен) көрсөтүлөт.
49. 8-графада чийки зат үчүн төлөнгөн акциздин суммасы көрсөтүлөт.
50. 9 - жана 10-графаларда чийки зат үчүн акцизди төлөө боюнча төлөм документинин датасы жана номери.
51. «Жыйынтык» сабы боюнча жыйынтык сумманын көрсөткүчү Отчеттун 053- уячасына көчүрүлөт.
52. Салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген Отчеттун 2-тиркемеси төмөнкүдөй толтурулушу керек:
№ 2 мисал
КММны өндүрүүнү ишке ашырган «Б» ЖЧК салык органына 2022-жылдын январы үчүн акциз салыгы боюнча алгачкы отчетун берет.
«Б» ЖЧК Отчеттун «Пайдаланылган чийки затка акциз салыгы» 02-тиркемесинин (FORM STI-070-002) формасын төмөнкүдөй толтурушу керек.
Процессте химиялык өзгөрүүлөр үчүн мазут:
001-уячада «X» белгиси менен «алгачкы» белгиленет;
- «ТЭИТН боюнча код» 1-графада «2710195501» көрсөтүлөт;
- «товардын аталышы» 2-графада «Мазут» көрсөтүлөт;
- «ушул акциздик товардын өлчөө бирдиги» 3-графада өлчөө бирдигинин маалымдамасына ылайык өлчөө бирдигинин үч орундуу цифралык коду көрсөтүлөт;
- «салык мезгилинин ичинде өндүрүлгөн продукцияга сарпталган чийки заттын саны» 4-графада «28424,6» көрсөтүлөт;
- «жүктөп жөнөтүлгөн дата» 5-графада «10.01.2022» көрсөтүлөт;
- 6-графада чийки зат сатып алынган жер боюнча акциз салыгын төлөө мөөнөтү»;
- «акциздик ставкасы (сом менен)» 7-графасында «мазутка колдонуудагы ставка - «400» көрсөтүлөт;
- «чийки зат үчүн төлөнгөн акциздин суммасы» 8-графада салык төлөөчү тарабынан чийки зат сатып алынган жер боюнча иш жүзүндө төлөнгөн акциз:
«11369840» (28424,6 х 400) көрсөтүлөт.
«Жыйынтык» сабы боюнча жыйынтык сумманын көрсөткүчү Отчеттун 051- уячасына көчүрүлөт.
- 9-10-графаларда чийки зат үчүн акцизди төлөө боюнча төлөм документинин датасы жана номери.
5. Акциз салыгы боюнча отчеттун «Атайын эсеп»
3-тиркемесинин (FORM STI-070-003) формасын толтуруу
53. Отчеттун «Атайын эсеп» 3-тиркемеси (FORM STI-070-003) (мындан ары - 3- тиркеме) экспортко жүктөп жөнөтүлүүгө тийиш иштетип алма чийки заттан акциздик товарды өндүрүүнү ишке ашырган салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
Эскертүү: Салык кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иштетип алма негизде акциздик товарларды өндүрүү бөлүгүндө субъекттерди акциз салыгын төлөөдөн бошотуу учурунда, акциз салыгын төлөөчү болуп иштетип алма чийки заттын ээси саналат.
54. 3-тиркемеде салык төлөөчү тарабынан салык органынын атайын эсебине киргизилген акциздин (депозиттин) суммасы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
55. 3-тиркеменин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларындагы маалымат Отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.
56. 1-графада иштетип алма чийки заттын аталышы көрсөтүлөт.
57. 2-графада ТЭИ ТН боюнча акциздик чийки заттын он орундуу коду көрсөтүлөт.
58. 3-графада салык мезгилинин ичинде пайдаланылган иштетип алма чийки заттын саны көрсөтүлөт (литр, тонна, кг).
59. 4-графада өндүрүлгөн товардын аталышы көрсөтүлөт.
60. 5-графада ТЭИ ТН боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт.
61. 6-графада өлчөө бирдигинин үч орундуу коду көрсөтүлөт.
62. 7-графада - экспортко жүктөп жөнөтүлгөн товардын иш жүзүндөгү көлөмү көрсөтүлөт.
63. 8-графада экспорттолуучу акциздик товарга акциздин ставкасы көрсөтүлөт.
64. 9-графада салык органынын атайын эсебине депозиттин кошуп эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
65. 10-графада салык органынын атайын эсебине депозиттин иш жүзүндө киргизилген суммасы көрсөтүлөт.
66. 10-графанын жыйынтык мааниси Отчеттун 053-уячасына көчүрүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү…Приказ · 24.02.2022 · № 73
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.