Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| 29 апреля 2026_-ж. / г. № П-191 | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин иш процесстерин өркүндөтүү жана “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык тутумунун иштешин оптималдаштыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Эсеп-фактураларды тариздөө жана колдонуу тартибинде:
– 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Түзөтүүчү ЭЭФ таризделгенде 401-уячасында ушул Тартиптин 38-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күн көрсөтүлөт.”;
– 66-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Түзөтүүчү ЭЭФ таризделгенде 401-уячасында ушул Тартиптин 64-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күн көрсөтүлөт.”;
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “Электрондук
эсеп-фактура” маалыматтык системасында эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибинде:
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Комиссиянын Маалымкатынын негизинде салык органы тарабынан “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык тутумунда (мындан ары – “ЭЭФ” МТ) Маалымкат таризделген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада Чечим түзүлөт.”;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Чечим салык төлөөчүгө тапшырылгандан кийин эки жумушчу күндүн ичинде салык органы тарабынан “ЭЭФ” МТда Чечим тапшырылган дата көрсөтүлөт, ал эми тиешелүү ЭЭФтин статусу “жараксыз” деп өзгөртүлөт.”;
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө салык кызматынын органынын чечимин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Салык кызматынын органынын мурда кабыл алынган чечимин жокко чыгаруу жөнүндө чечим тапшырылгандан кийин салык кызматынын органы “ЭЭФ” МТда мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин маалымдаректерин (номерин жана датасын) киргизет жана тиешелүү ЭЭФ статусун “кабыл алынды” деп өзгөртөт.”;
– 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– Тартиптин 2-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасында
эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибинин талаптарынын так сакталышын камсыз кылсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык башкармалыктарына жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесине жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Алманбетовго жүктөлсүн.
Төрага А. Н. Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Приказ ГНС "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики" от 28 апреля 2023 года № 101Приказ · 28.04.2023 · № 101
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.