Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Транзакцияга салык боюнча отчеттун формасын, аны толтуруу жана берүү тартибин, ошондой эле чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо/салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө банктын кабарламасынын формасын бекитүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН министрлер кабинетине КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ кабинете министров КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| 23 январь 2026-ж. / г. № П-20 | г. Бишкек ш. |
Транзакцияга салык боюнча отчеттун формасын, аны толтуруу жана берүү тартибин, ошондой эле чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо/салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө банктын кабарламасынын формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 “Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– транзакцияга салык боюнча отчеттун (FORM STI-228) формасы
1-тиркемеге ылайык;
– транзакцияга салык боюнча отчетту (FORM STI-228) толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасында эсептешүү эсебин ачуу максатында чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо/салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө банктын кабарламасынын (REG STI-229) формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык тутумуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул буйрук менен бекитилген отчеттун формасын жана тартибин, ошондой эле кабарламанын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Алманбетовго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2026-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
Төраганын м.у.а. Б.М.Джиенбеков
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
“23” январь 2026-ж. № П-20 буйругуна 2-тиркеме
Транзакцияга салык боюнча отчетту (FORM STI-228) толтуруу жана берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип транзакцияга салык боюнча отчетту (мындан ары – Отчет) толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Отчет (FORM STI-228) электрондук документ түрүндө салыктык катталган жери боюнча акча каражаттарынын транзакциясы жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 20нан кечиктирбестен берилет.
3. Отчетто ар бир транзакция боюнча маалымат, анын ичинде кириш суммалары жана транзакцияга салыктын суммасы көрсөтүлөт.
4. Көрсөткүч жок болгон учурда уячада “0” мааниси көрсөтүлөт.
2-глава. Отчетту толтуруу тартиби
5. 001-уячада “алгачкы” же “такталган” графасында “X” белгисин коюу керек:
1) “Алгачкы” – эгерде Отчет биринчи жолу берилсе;
2) “Такталган” – эгерде мурда берилген Отчет оңдолсо;
6. Отчеттун формасында сап боюнча төмөнкү маалымат көрсөтүлөт.
6.1. I бөлүм. Банк жөнүндө маалымат:
1) 102-уячада – банктын ИСНи;
2) 103-уячада – банктын толук аталышы;
3) 104-уячада – катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы;
4) 105-уячада – банктын БИК;
5) 107-уячада – ИУРК коду;
6) 112-уячада – иш жүзүндө жайгашкан жеринин почта индекси;
7) 113-уячада – калктуу пункт (облус, шаар, район, айыл);
8) 114-уячада – иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчө, үй, кеңсе, батир);
9) 115-уячада – байланыш телефону;
10) 116-уячада – электрондук почта дареги;
11) 201-уячада – салык мезгилинин башталган датасы (күнү, айы, жылы);
12) 202-уячада – салык мезгилинин аяктоо датасы (күнү, айы, жылы).
6.2. II бөлүм. Транзакцияга салык боюнча маалымат:
1) 1-графада – транзакцияга салык төлөөчү субъекттин ИСН;
2) 2-графада – транзакцияга салык төлөөчү субъекттин аталышы;
3) 3-графада – акча каражаттарынын түшүү формасы (накталай/накталай эмес);
4) 4-графада – жөнөтүүчү уюмдун аталышы;
5) 5-графада – жөнөтүүчү өлкөнүн коду;
6) 6-графада – чет өлкөлүк валютада келген сумма;
7) 7-графада – валютанын коду;
8) 8-графада – акча каражаттарынын келген күнү;
9) 9-графада – КР Улуттук банкынын курсу боюнча транзакция күнүнө карата чет өлкөлүк валютанын курсу сом менен (курс автоматтык түрдө программа тарабынан КР УБнын расмий курсу боюнча көрсөтүлөт);
10) 10-графада – сом менен келген сумма (программа тарабынан автоматтык түрдө КР УБнын расмий курсу боюнча эсептелет);
11) 11-графада – транзакцияга салынуучу салыктын ставкасы
(программа тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт — 0,1%).
12) 12-графада – төлөнүүчү салыктын суммасы (10-графа × 11-графа).
7. II бөлүмдүн аягында “Жалпы” сабы көрсөтүлөт, анда бардык саптар боюнча 10 жана 12-графалары өз-өзүнчө суммаланат.
8. 901-уячада Отчеттун салык органы тарабынан кабыл алынган датасы көрсөтүлөт.
3-глава. Тариздөө жана текшерүү эрежелери
9. Бардык суммалар тиешелүү графаларга ылайык валютада көрсөтүлүшү керек. Улуттук валютадагы суммалар программа тарабынан автоматтык түрдө эсептелет.
10. Эгерде отчеттук мезгил үчүн транзакциялар жок болсо, II бөлүмдүн бардык графаларында “0” көрсөтүлөт.
11. “Жалпы” сабы 10 жана 12-графалар боюнча бардык жеке транзакциялардын суммасына так дал келиши керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.