# МСКнын 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 288 "Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 288 "Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2024
- Редакциянын күнү: 27.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-42>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/42>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 288 "Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу (27.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-42

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_27\_сентябрь\_\_ 2024-ж. / г. № \_\_288\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине жана Кыргыз Реепубликасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 6 жана 15-пункттарына ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыйыр салыктарды башкаруу башкармалыгы Кыргыз Республикасында отунду маркалоону өз убагында ишке киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылытын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.Дж.Умтуловго жүктөлсүн.

| Төрага | А.К. Абдувапов |

Мамлекеттик салык

кызматынын 27.09.2024-ж.

№ 288 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасында отунду маркалоо тартиби

1. Кыргыз Республикасында отунду маркалоонун ушул тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундыгы № 361 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 6 жана 15-пунктарына ылайык ылайык иштелип чыккан жана төмөнкү тартиптерди аныктайт:

- маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоого маркалануучу продукцияны өндүрүүчү жана импорттоочу тарабынан табыштама берүү;

- маркалоо операторунун отунду маркалоого салык органдары тарабынан чечим чыгаруу;

- өндүрүлгөн жана импорттолгон маркалануучу отунду маркалоонун;

- отунду маркалоочу жердин аныктосу.

2. Отун маркери салык салуунун толуктугун камсыз кылуу максатында өндүрүлгөн жана импорттолуучу отундун көлөмүн эсепке алууну камсыз кылуу үчүн колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукция өндүрүштүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалануучу продукция жөнөтүлгөнгө же сатылганга чейин маркаланууга тийиш.

Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында маркалануучу продукцияны отун маркерсиз жөнөтүүгө жана сатууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу же ташып келинүүчү маркалануучу продукция төмөнкү учурларда маркаланууга тийиш:

– темир жол транспортунда маркалануучу продукцияны куюуга чейин өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген маркалануучу продукцияны куюучу станцияларда (мунай базаларында, мунай сактоочу жайларда жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордо) гана;

– автомобиль транспортунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо товарларды эсепке алуу пункттарында жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо бажылык контролдоо зоналарында.

5. Маркалоо оператору тарабынан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн отунду маркалоо жөнүндө чечим маркалоо датасына чейин эки жумушчу күн калганда төмөнкү документтерди берген учурда аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:

– дарегин жана маркалоонун эсептик убактысын, ошондой эле жер-жерлердеги салык төлөөчүнүн өкүлүнүн маалыматтарын көрсөтүү менен эсептөө-арыз (2 нускада, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык). Эсептөө-арыздын жана акциздик буюмдардын спецификациясынын бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;

– акциз салыгынын же банктык кепилдиктин төлөнгөндүгүн жана маркалануучу продукциянын бардык санына отун маркеринин номиналдык наркынын төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү же банктык кепилдиктин түп нускасы салык кызматынын органында калат, төлөм документтеринин түп нускалары салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.

Эгерде салык төлөөчү салык мыйзамдарына ылайык акциз салыгын төлөөдөн бошотулса, акциз салыгын төлөө документтери берилбейт.

6. Оператор тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияны маркалоо жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат. Мында 3-пунктта каралган документтерден тышкары салык төлөөчү тарабынан ташылып келүүчү маркалануучу продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияны жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет;

Отунду маркалоо жөнүндө чечим маркалоо оператору тарабынан тиркемеге ылайык форма боюнча 3 нускада түзүлөт жана маркалоого бир күн калганда салык органы тарабынан операторго жөнөтүлөт. Отунду маркалоо салык органынын чечимине ылайык маркалоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Маркалоо процесси аяктагандан кийин чечимде операторлорго тиешелүү белги коюлат. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы маркалоонун операторунда, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.

Импорттоочу жана маркалануучу продукцияны өндүрүүчү стандарттуу эмес идишке (цистернага) жүктөлгөн же импорттолгон учурда отунду маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоо чечимин алууга табыштама берүүдө салык төлөөчү аккредиттелген уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн цистернанын тарирлөө таблицасын берет.

Маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоо салык төлөөчүнүн өкүлүнүн жана салык органынын кызматкеринин катышуусунда ишке ашырылат.

7. Импорттоочу же маркалануучу продукцияны өндүрүүчү отунду маркалоо оператору менен отунду маркалоо боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүүгө тийиш.

Маркалоо оператору отунду маркалоодогу ар бир кызмат көрсөтүүгө карата салык төлөөчүнүн дарегине электрондук эсеп-фактураны жиберет.

8. Отунду маркалоо операторуна салык органы тарабынан отунду маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу оперативдүү маалымдоо салык органдары тарабынан WhatsApp мобилдик тиркемесин пайдалануу менен тиешелүү топторду түзүү же интеграцияланган маалыматтык система (бар болсо) аркылуу ишке ашырылат.

9. Маркалоо оператору ыйгарым укуктуу салык органдарына отунду маркалоочу жерлерге кирүү мүмкүндүгүн берүү зарыл болгон кызматкерлердин же өкүлдөрдүн тизмесин жиберет.

10. Отунду маркалоо оператору менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы өз ара мамилелер кошумча келишимдик мамилелер менен жөнгө салынышы мүмкүн.

Отунду маркалоо операторуна карата милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн финансылык санкциялар колдонулушу мүмкүн.

11. Отунду маркалоо оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аралыгында маалыматтын сакталышы камсыз кылынат.

12. Маркалоо оператору салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн түрлөрү жана көлөмү боюнча отунду маркалоо үчүн керектүү сандагы отун маркери менен чечимде көрсөтүлгөн маркалоочу жерге күн мурунтан келет.

13. Маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоо процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:

- импорттоочу тарабынан импорттолуучу маркалануучу отундун цистернасынан өндүрүүчүнүн пломбасын ачууда маркалоо операторунун жана салык органынын инспекторунун болушу;

- маркалоо оператору тарабынан салык органынын кызматкеринин жана салык төлөөчүнүн өкүлүнүн катышуусунда отундун физикалык көрсөткүчтөрүнүн (тыгыздыгынын, температурасынын жана көлөмүнүн) отунду маркалоо чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерүү;

- салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга иш жүзүндөгү маалыматтар дал келгенде отунга маркерди кошуу салык төлөөчүнүн өкүлүнүн жана салык органынын кызматкеринин катышуусунда ишке ашырылат.

Салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн отундун көлөмүнөн отундун иш жүзүндөгү көлөмүнүн четтеп кетүүсүнүн жол берилген жаңылыштыгы 2,0 %ды түзөт.

Отундун жана/же отундун түрүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнүн четтөөлөрүнүн жол берилген жаңылыштыгынан ашкан учурда маркалоо оператору тарабынан отунду маркалоо жүргүзүлбөйт жана ошол отунду маркалоо жөнүндө чечим кабыл алган салык органына жана салык төлөөчүгө токтоосуз маалымдалат.

14. Отунду маркалоо оператору салык органына жана салык төлөөчүгө нусканы берүү менен маркалануучу отундун физикалык көрсөткүчтөрүн ченөө актысын милдеттүү түрдө түзөт.

Ченөө актысы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) акт түзүлгөн жерди жана датаны;

2) мунай базасынын (мунай сактоочу жайдын), темир жолдогу туюктун жана мунайды кайра иштетүүчү заводдун аталышын;

3) өкүлдүн (салык төлөөчүнүн) аты-жөнүн жана кызмат ордун;

4) ишкердик субъекттин-жүк алуучунун реквизиттерин;

5) ишкердик субъекттин-жүктү жөнөтүүчүнүн реквизиттерин;

6) коштоочу документтерди (эсеп-фактура, келишим (контракт), сапат паспорту, товардык-транспорттук коштомо кагаз ж.б.);

7) мунай же мунай продуктусу жөнүндө маалыматтарды (аталышы, ТЭИ TH коду, жүктөп жөнөтүлгөн жана келип түшкөн дата, контролдук пломбанын №);

8) жүктүн массасын аныктоо методун (метршток, ареометр жана тарирлөө);

9) өлчөө приборлорун текшерүүнү жүргүзгөн стандартташтыруунун ыйгарым укуктуу органынын аталышын (стандартташтыруунун ыйгарым укуктуу органы);

10) ташуунун түрүн (темир жол же автомобилдик транспорт каражаты), ТЖЦ (вагон-цистерналардын) же АЦ (автоцистерналардын) номерин;

11) товардык-коштоочу документтердин маалыматтарын:

– толтуруу деңгээли (мм);

– тыгыздыгы (килограмм/литр);

– температурасы (ºC);

– көлөмү (литр);

– массасы (килограмм);

12) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн:

– толтуруу бийиктиги (мм);

– тыгыздыгы (килограмм/литр);

– тыгыздыгы (килограмм/литр);

– температурасы (ºC);

– көлөмү (литр);

– массасы (килограмм);

– товардык суу (мм);

– товардык суу (литр);

13) табигый төмөндөө;

14) өлчөөлөрдүн жаңылыштыгы (%);

15) ченемден ашыкча айырмачылыктар (тең салмаксыздык +/-):

– көлөмү (литр);

– массасы (килограмм);

– жетишсиз/ашыкча (+/- килограмм/литр);

16) эсепке алуу (көлөмү литр менен жана массасы килограмм менен).

15. Отундун иш жүзүндөгү көлөмүнүн жана/же түрүнүн четтөөлөрүнүн жол берилген каталары табылганда салык төлөөчү маркалоо жөнүндө чечимдин нускасын коштомо кат менен кайтарып берет жана отундун иш жүзүндөгү көлөмүнө отунду маркалоо жөнүндө чечимди алууга документтерди кайрадан берет.

16. Салык органынын кызматкери отундун иш жүзүндөгү көлөмүнүн четтөөлөрүнүн жол берилген катасынан ашкан учурда маркаланбаган отун менен цистернаны пломбалайт. Бул пломба салык органынын чечимин отундун түрлөрүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнө ылайык келтирүүдө маркалоо операторунун катышуусунда салык органынын кызматкери тарабынан ачылат.

17. 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө маркалоону киргизүү датасына чейин импорттолгон жана/же алып келинген жана/же өндүрүлгөн отундун мыйзамдуу калдыктарын маркалоодо салык төлөөчү отун маркеринин номиналдык наркын гана төлөйт.

Отундун калдыктарын маркировкалоо үчүн салык төлөөчү мыйзамдуу отун калдыктарын маркировкалоого арыз берет. Отундун калдыктарын маркировкалоого арыз күйүүчү майды өндүрүү, ташып келүү, сактоо жана сатуу менен алектенген салык төлөөчүлөр тарабынан берилет.

Салык төлөөчү аккредиттелген уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын сактоочу сыйымдуулуктарын тарирлөө таблицасын берет.

Мыйзамдуу отун калдыктарын маркировкалоо комиссия тарабынан жүргүзүлөт, анын курамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Маркировкалоочу оператор маркаланбаган отундун калдыктарынын иш жүзүндөгү көлөмүн өлчөйт жана комиссия калдыктардын мыйзамдуулугун ырастагандан кийин маркировкалоону жүргүзөт.

Отундун калдыктарды маркировкалоо жол-жобосун жүргүзүүнүн алдында салык төлөөчүдө отун маркалоочу оператор менен отун маркировкалоо боюнча кызмат көрсөтүү боюнча жарактуу түзүлгөн келишим болушу керек.

Отун калдыгынын маркировкалоо процесси маркердин тез аралашуусун камсыз кылуу үчүн маркировкаланган отун куюунун алдында жүргүзүлүүгө тийиш.

18. Аралаштыруунун атайын түзүлүштөрү жок болгон учурда мунай сактоочу жайда отундун калдыктарын маркалоодо маркаланган продукция 24 сааттан кем эмес убакытта агызылууга болбойт.

| Приложение 1 к Порядка предоставления заявки на маркировку топлива, процесса и места маркировки топлива оператором маркировки в Кыргызской Республике |

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Наименование органа налоговой службы)

ЗАЯВЛЕНИЕ-РАСЧЕТ на маркировку топлива № \_\_\_\_\_\_ от "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ года (заполняется налоговым органом)

| Наименование налогоплательщика |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Юридический адрес и телефон |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ИНН |  |  |  |  |  |  |  |  |
| № п/п | Вид подакцизной маркируемой продукции | Номер вагона/прицепа (для импорта) | Объем маркируемого топлива (тоннах) | Плотность топлива при наливе из расчета температуры 15 градусов | Планируемое время и дата маркировки | Ставка акцизного налога (сом) | Сумма акцизного налога (сом) | Номинальная стоимость топливного маркера (сом) |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |

Контактное лицо ФИО, номер телефона\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Адрес места маркировки\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Акцизный налог уплачен на счет № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ согласно платежному документу № \_\_\_\_\_\_\_ от "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ года в сумме \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сомов. (прописью)

Номинальная стоимость маркера уплачена на счет № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ согласно платежному документу № \_\_\_\_\_ от "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_ года в сумме \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сомов. (прописью)

| М.П. | Руководитель организации: | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| --- | --- | --- |
|  |  | (подпись) |
|  | Главный бухгалтер: | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
|  |  | (подпись) |
