# МСК 2026-жылдын 27-январь № 24-П «Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: МСК 2026-жылдын 27-январь № 24-П «Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: П-24
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-415>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/415>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСК 2026-жылдын 27-январь № 24-П «Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-415

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_27 января \_\_ 2026\_\_\_-ж. / г. № 24-П\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчү

субъекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 131-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинин б-пунктуна ылайык, буйрук кылам: логован

1. Салык посту орнотулуучу акциздик продукцияны өндүрүүчүсубъекттердин тизмеги бекитилсин:

- туруктуу негизде 1-тиркемеге ылайык; салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлору аныкталганда, товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшү толук аныкталганга чейин 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери:

- 1 жана 2-тиркемелерге ылайык акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерге салык постун орнотууну камсыз кылышсын; өндүрүлгөн товарларды толук эсепке алуу боюнча салык постторунун ишинин натыйжалуулугуна туруктуу контроль жүргүзүшсүн жана акциздик маркалардын аныктыгын жана шайкештигин, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан,

Cabinet.salyk.kg салык төлөөчүнүн кабинетинен жана Salyk мобилдик

тиркемесинен акциздик марканы издөө аркылуу текшерүү менен контролго

алышсын;

- 3-тиркемеге ылайык салык посттору боюнча маалыматты ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгына берип турушсун.

3. Акциздик продукцияны өндүрүүчүлөрдүн салык төлөбөө тобокелдигинин фактору төмөнкүлөргө алып келери белгиленсин:

- өндүрүш жана сатуу көлөмүнүн азайышына;

- төлөнүүчү салыктардын суммасынын азайышына;

- Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган продукциянын

- тиешелүү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы

жана/же электрондук эсеп-фактура жок акциздик продукциянын

жүгүртүлүшүнө.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 89 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Инспектордук контролдоо башкармалыгы (Ж.М. Жусубалиев) акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн жана маркалоону башкарууну контролдоо башкармалыгы (Б.М. Акматов) менен биргеликте салык постторунда турган кызматкерлердин ишине системалуу негизде контроль жүргүзсүн.

6. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А. Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б. М. Джиенбековго жүктөлсүн.ыкталышына;
