# МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № 66
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2025
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-414>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/414>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-414

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_21\_\_февраль\_\_ 2022\_-ж. / г. № \_\_66\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө

(МСКнын 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-декабрындагы № 330, 2025-жылдын 2-июлундагы № 387, 2025-жылдын 7-июлундагы № 399, 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 487 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Төмөнкүлөрдүн тиркелген формалары бекитилсин:

1) салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоо (NEDOIMKA STI-017);

2) салыктык төлөм талабы (NEDOIMKA STI-018);

3) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз (NEDOIMKA STI-019);

4) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-020);

5) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө келишими боюнча шарттарды бузууну четтетүү жөнүндө чечим (NEDOIMKA ЅТІ-023);

6) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим (NEDOIMKA STI-024);

7) дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын салыктары, салыктык эмес кирешелери жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын же аткарылбаган милдеттенмелеринин болушу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-025);

8) каза болгон же каза болгон деп жарыяланган жеке жактын салыктары, салыктык эмес кирешелери жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын болушу жөнүндө кабарлоо (NEDOIMKA STI-026);

9) салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акчалай төлөмдөрдү токтотуу талабын коюу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-027);

10) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө кабарлама (NEDOIMKA STI-028);

11) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим

(NEDOIMKA STI-029).

2. Төмөнкү формалар күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 211 буйругу менен бекитилген салык төлөөчүнүн дарегине же тапшыруусу боюнча акчалай төлөмдөрдү токтотууну талап кылуу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-010), салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-011), салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө же баш тартуу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-004), кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү фактысы жөнүндө чечим

(NEDOIMKA STI-007), жеке жактын карызынын же аткарылбаган милдеттенмесинин болушу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-009), кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө келишими боюнча бузууларды четтетүү жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-006), кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө келишимин бузуу жөнүндө NEDOIMKA STI-008), салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөөдөн баш тартуу же кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим (NEDOIMKA STI-008);

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 80 буйругу менен бекитилген салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-001);

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 216 буйругу менен бекитилген салыктык эмес кирешелер боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим (NEDOIMKA STI-012), салыктык эмес киреше төлөөчүнүн дарегине же тапшыруусу боюнча акчалай төлөмдөрдү токтотуу талабын коюу жөнүндө чечим (NEDOIMKA ЅТІ-013).

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 80 буйругу;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-январындагы № 20 “Карызды өндүрүү менен байланышкан документтердин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругу.

4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы көрсөтүлгөн формаларга ылайык ИСНАКка, Мамлекеттик салык кызматынын “Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу” маалыматтык тутумуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

5. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү

(А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту аткаруу жана иш үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары А.С. Дубанаевге жана

Р.М. Суйналиевге жүктөлсүн.

Төрага А.К. Абдувапов
