# МСКнын 2023-жылдын 28-февралындагы №129 "Салык кызматынын органынын карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2023-жылдын 28-февралындагы №129 "Салык кызматынын органынын карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № 129
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2023
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-410>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/410>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2023-жылдын 28-февралындагы №129 "Салык кызматынын органынын карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-410

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_28 февраль\_\_ 2023-ж. / г. № \_129\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Салык кызматынын органынын карызын өндүрүү менен

байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын

бекитүү жөнүндө

(МСКнын 2024-жылдын 15-апрелиндеги № 111 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Төмөнкү тиркелген формалар бекитилсин:

1) Салык милдеттенмеси боюнча өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу женүндө чечим (NEDOIMKA STI-030);

2) Салык милдеттенмеси боюнча өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим (NEDOIMKA STI-033);

3) Салык милдеттенмесин аткаруунун женилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим (NEDOIMKA STI-036)

4) Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө женүндө келишим (NEDOIMKA STI-021);

5) Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө келишими боюнча салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө графиги (NEDOIMKA STI-022);

6) Мүлктү тизмектөө актысы (NEDOIMKA STI-031);

7) Тоскоолдук кылуу протоколу (NEDOIMKA STI-034);

8) Салык постун койууга жазма буйрук (NEDOIMKA STI-035);

9) Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды жоюу үчүн салык постунун жыйынтыктары жөнүндө акт (NEDOIMKA STI-037);

10) Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актынын (NEDOIMKA ЅТІ-032).

2. КРӨгө караштуу МСКнын 2020-жылдын 3-июлундагы №199 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы көрсөтүлгөн формаларга ылайык "ИСНАК", МСКнын "ACB” АМСна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту иш жана аткаруу үчун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүтөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары И.Н. Кыдыргычовго жана А.С. Дубанаевге жүктөлсүн.

Төрага А.К.Абдувапов
