Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Приказ ГНС «О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики „Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления“ от 24 февраля 2022 года №73»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __01_декабрь__ 2023-ж. / г. № ___317___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы
№73 “Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу
жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы N 73 “Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасы ушул буйруктун тиркемесине ылайык баяндалсын;
2) Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отеттун (FORM STI-161) формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- 25, 28 жана 29-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“25. 207-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 15-графасыньн жана IV бөлүмүнүн 7-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
28. 210-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 18-графасынын жана IV бөлүмүнүн 8 графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
211-уячада отчеттук мезгил ичинде жеке жактарга (анын ичинде резиденттер жана резидент эместер) төлөнгөн кирешелердин жалпы суммасынан киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн алып салган сумма көрсөтүлөт.”;
- төмөнкүдөй редакцияда 5-глава менен толукталсын:
“5-глава. Киреше салыгы салынуучу жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү салынбаган резидент эмес-жеке жактын кирешелери боюнча маалымат” IV бөлүмүн толтуруу тартиби
53. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
54. 2-графада салык мезгилинде кирешелер төлөнгөн резидент эмес-жеке жактардын аты-жөнү көрсөтүлөт.
55. 3-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык резидент өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
56. 4-графада паспорттук маалыматтар, б.а. паспорттун сериясы, номери, берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги көрсөтүлөт.
57. 5-графада резидент өлкөдөгү резидент эмес-жеке жактын салыктык катталган номери көрсөтүлөт.
58. б-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин коду көрсөтүлөт:
| Кирешенин коду | Төлөнгөнкирешелердинаталышы |
| 010 | Дивиденддер |
| 011 | Роялти,анын ичиндеинтеллектуалдыкменчик объекттеринпайдаланууданжана(же)пайдалануу укугун берүүдөналынганкирешелербоюнча |
| 012 | Баалуукагаздармененоперацияларданкирешелер(баалуу кагаздардыээликтенажыратуу) |
| 013 | Юридикалыкжактьнуставдыккапиталындагы үлүштү ээликтенажыратууданкирешелер |
| 014 | Кыймылсызмүлктүээликтенажыратууданкирешелер |
| 015 | Утуштартүрүндөалынганкирешелер |
| 016 | Башкакирешелер |
59. 7-графада эсептелген кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
60. 8-графада кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
61. 9-графада төлөнгөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт.».
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСКнын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2023-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салык агенти тарабынан салыктык эсеп же болбосо эсептик катталган жери боюнча салык органына берилүүгө багытталган Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетту (FORM STI-161) (мындан ары - Отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.
3. 001-уячада:
1) эгерде отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса, “X” түрүндөгү белги “баштапкы” уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн отчет берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген отчетто оңдолсо, “X” түрүндөгү белги “такталган” уячасында көрсөтүлөт;
3) эгерде отчет төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, “X” түрүндөгү белги “жоюлуучу” уячасында көрсөтүлөт.
4. 901-уячада салык органы тарабынан отчет кабыл алынган дата көрсөтүлөт.
5. 902-уячада отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
2-глава. “Киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жөнүндө маалымат” I бөлүмүн толтуруу тартиби
6. 102-уячада төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
7. 103-уячада төлөөчүнүн толук аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) көрсөтүлөт.
8. 104-уячада төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
9. 107-уячада Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору боюнча төлөөчүнүн коду көрсөтүлөт.
10. 112-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
11. 113-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
12. 114-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
13. 115-уячада төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт.
14. 116-уячада төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
15. 117-уячада камсыздандыруучунун региондук органы тарабынан ыйгарылган жана камсыздандырылуучуга билдирүүдө көрсөтүлгөн төлөөчүнүн каттоо-эсепке алуу номери көрсөтүлөт.
16. 118-уячада төмөнкү классификаторлорго ылайык бийик тоолуу/алыскы коэффициенти көрсөтүлөт:
- бийик тоолуу коэффициенти;
- алыскы райондор коэффициенти.
Эскертүү: көрсөткүч жок болгон учурда, бул уяча толтурулбайт, башкача айтканда тилкенин мааниси бош калат.
17. 119-уячада камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин түрү көрсөтүлөт.
18. 120-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген жана мурдагы календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн колдонулуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү көрсөтүлөт.
19. 201-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгил башталган дата (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.
20. 202-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.
3-глава. “Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча маалымат” II бөлүмүн толтуруу тартиби
21. 203-уячада Отчеттун III бөлүмүндө көрсөтүлгөн кызматкерлердин жалпы саны көрсөтүлөт.
22. 204-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 11-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт
23. 205-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 13-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
24. 206-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 14-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
25. 207-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 15-графасынын жана IV бөлүмүнүн 7-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
26. 208-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 16-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
27. 209-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 17-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
28. 210-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 18-графасынын жана IV бөлүмүнүн 8-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
29. 211-уячада отчеттук мезгил ичинде жеке жактарга (анын ичинде резиденттер жана резидент эместер) төлөнгөн кирешелердин жалпы суммасынан киреше салыгын жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн алып салган сумма көрсөтүлөт.
30. 212-уячада минималдык эсептик кирешени колдонууда эсептелген киреше салыгынын суммасын кошкондо, отчеттук мезгил үчүн бюджетке которулууга тийиш болгон киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
31. 213-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 19-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
32. 214-уячада Отчеттун III бөлүмүнүн 20-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
4-глава. “Ар бир жумушчу боюнча маалымат” III бөлүмүн толтуруу тартиби
33. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
34. 2-графада кызматкердин идентификациялык салык номери (ИСН) көрсөтүлөт.
35. 3-графада кызматкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
36. 4-графада төмөнкү таблица боюнча кызматкердин категориясы көрсөтүлөт:
| № | Код | Кызматкерлердин категориясынын аталышы |
| Эмгек келишимдери боюнча кызматкерлердин категориялары | ||
| 1 | 001 | Негизги кызматкер |
| 2 | 001-64/69 | 64/69-ж.ч.т. негизги кызматкер |
| 3 | 003 | Пенсионер |
| 4 | 010 | Негизги кызматкер – (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран (2022-жылдын 1-ноябрына чейин) |
| 5 | 011 | Негизги кызматкер – (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран |
| 6 | 011-64/69 | Негизги кызматкер (64/69 ж.т.) – (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран |
| 7 | 012 КТП | КТП – (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран |
| 8 | 012 -64/69 КТП | КТП – 64/69 (резидент эмес) чет өлкөлүк жаран |
| 9 | 020 | Эмгек мигранттары |
| 10 | 100 | 1-2-топтогу майып |
| 11 | 101 | УАС катышуучусу/майыбы |
| 12 | 102 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар |
| 13 | 106 | КТП |
| 14 | 106-64/69 | КТП (64/69-ж.т.) |
| 15 | 107 | КТП пенсионери |
| Айкалыштырып иштөө боюнча кызматкерлердин категориялары | ||
| 16 | 200 | 1-2-топтогу майып |
| 17 | 201 | Негизги жумушчу |
| 18 | 201-64/69 | 64/69-ж.ч.т. негизги кызматкер |
| 19 | 202 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар |
| 20 | 203 | Пенсионер |
| 21 | 204 | Ижарага берүүчү |
| 22 | 205 | Гонорарлар, сыйлыктар |
| 23 | 206 | КТП |
| 24 | 206-64/69 | КТП (64/69-ж.т.) |
| 25 | 207 | КТП пенсионери |
| 26 | 210 | Чет өлкөлүк жаран |
| 27 | 220 | Эмгек мигранттары |
| Эмгек мамилелери жок кызматкерлердин категориялары | ||
| 28 | 103 | Жеке ишкер |
| 29 | 104 | Ижарага берүүчү |
| 30 | 105 | Гонорарлар, сыйлыктар |
| 31 | 108 | Салык агенттери үчүн сатып алуу/сатуу боюнча бүтүмдөр |
| 32 | 109 | Башкалар |
37. 5-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык кызматкердин жарандык өлкөсүнүн цифралык коду көрсөтүлөт.
38. 6-графада кызматкердин резиденттигинин коду төмөнкү таблица боюнча көрсөтүлөт:
| № | Коду | Аталышы |
| 1 | 01 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жак |
| 2 | 02 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты же кайрылман статусу бар жеке жак-резидент |
| 3 | 03 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган резидент эмес жеке жак |
39. 7-графада кызматкердин иши башталган дата КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кызматкер ишке 15.01.2020 кабыл алынган учурда, иш башталган дата 25.01.2020 деп көрсөтүлөт.
40. 8-графада кызматкердин иши аяктаган дата КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кызматкер иштен 25.01.2020 бошотулган учурда, иши аяктаган дата 25.01.2020 деп көрсөтүлөт.
41. 9-графада кызматкерлердин иш жүзүндө иштеген күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
Кызматкер акы төлөнбөөчү өргүүдө болгондо, ошол отчеттук мезгилде эмгек акы жана башка кирешелер эсептелген иш жүзүндө иштеген күндөрү болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт.
Кызматкер акы төлөнүүчү өргүүдө болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт.
Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу жок болгондо мезгили - толук календардык ай көрсөтүлөт.
42. 10-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин коду көрсөтүлөт:
| Кирешенин коду | Төлөнгөн кирешелердин аталышы |
| 001 | Жалдоо боюнча иштен киреше |
| 002 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча сыйлык |
| 003 | Дивиденддер |
| 004 | Роялти, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануудан жана (же) пайдалануу укугун берүүдөн алынган кирешелер боюнча |
| 005 | Баалуу кагаздар менен операциялардан кирешелер (баалуу кагаздарды ээликтен ажыратуу) |
| 006 | Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
| 007 | Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
| 008 | Башка кирешелер |
43. 11-графада киреше салыгын эсептөө үчүн кызматкерге эсептелген кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
44. 12-графада камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелүүчү иш жүзүндөгү киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: отчеттук айда эмгек акы төлөө фондунун нөлдүк мааниси төмөнкү кызматкерлер үчүн жол берилет:
- акы төлөнүүчү өргүүдө жүргөн;
- отчеттук айда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жок болгон.
45. 13-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 191-беренесинде каралган отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы салынууга тийиш эмес жеке жактардын кирешелери көрсөтүлөт.
46. 14-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 194-беренесине ылайык жеке жактардын кирешесинен алынган стандарттык чыгарып салуулардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
47. 15-графада киреше салыгы салынууга тийиш болгон кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
48. 16-графада салык агенти тарабынан жеке жактардын кирешелеринен кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
49. 17-графада пайданын эсебинен которулууга тийиш болгон киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
50. 18-графада кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал тиешелүү түрдө 16 жана 17-графалардагы суммага барабар болот.
51. 19-графада башка фонддорго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелген суммасы көрсөтүлөт. (пенсиялык фонд, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду).
52. 20-графада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду (МПТФ) боюнча эсептелген төгүмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
5-глава
“Киреше салыгы салынуучу жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү салынбаган резидент эмес-жеке жактын кирешелери боюнча маалымат” IV бөлүмүн толтуруу тартиби
53. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
54. 2-графада салык мезгилинде кирешелер төлөнгөн резидент эмес-жеке жактардын аты-жөнү көрсөтүлөт.
55. 3-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык резидент өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
56. 4-графада паспорттук маалыматтар, б.а. паспорттун сериясы, номери, берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги көрсөтүлөт.
57. 5-графада резидент өлкөдөгү резидент эмес-жеке жактын салыктык катталган номери көрсөтүлөт.
58. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин коду көрсөтүлөт:
| Кирешенин коду | Төлөнгөн кирешелердин аталышы |
| 010 | Дивиденддер |
| 011 | Роялти, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануудан жана (же) пайдалануу укугун берүүдөн алынган кирешелер боюнча |
| 012 | Баалуу кагаздар менен операциялардан кирешелер (баалуу кагаздарды ээликтен ажыратуу) |
| 013 | Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
| 014 | Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
| 015 | Утуштар түрүндө алынган кирешелер |
| 016 | Башка кирешелер |
59. 7-графада эсептелген кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
60. 8-графада кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
61. 9-графада төлөнгөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү…Приказ · 24.02.2022 · № 73
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.