# О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики "Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления" от 24 февраля 2022 года №73

- Толук аталышы: Приказ ГНС "О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики "Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления" от 24 февраля 2022 года №73" от 5 октября 2023 года №268
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2023
- Редакциянын күнү: 01.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-23>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/23>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики "Об утверждении форм налоговой отчетности и порядков их заполнения и представления" от 24 февраля 2022 года №73 (01.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-23

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_05\_октябрь\_\_ 2023-ж. / г. № \_\_\_268\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 «Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы №73 «Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-108) формасында:

- Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчеттун 1-тиркемесинин (FORM STI-108-001) 3 жана 4-бөлүктөрүнүн 5-графасынын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«алтындын бир троя унциясы үчүн баасы АКШ доллары менен/31,1035.»;

- Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчеттун 2-тиркемесинин (FORM STI-108-002) 2 жана 3-бөлүктөрүнүн 5-графасынын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«күмүштун бир троя унциясы үчүн баасы АКШ доллары менен/31,1035.»;

2) Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчеттун (FORM STI- 108) формасын толтуруу жана берүү тартибинде:

- 53 жана 63-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«5-графада буткүл салык мезгили учүн Лондон биржасындагы алтындын орточо наркынын 31,1035 бөлүнгөн мааниси AKШ долларында көрсөтүлөт.»;

- 81 жана 91-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«5-графада бүткүл салык мезгили үчүн Лондон биржасындагы күмүштүн орточо наркынын 31,1035 бөлүнгөн мааниси АКШ долларында көрсөтүлөт.».

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) yшyл буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караттуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
