Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 жана 2024-жылдын 30-октябрындагы № 321 буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __31 март__ 2025-ж. / г. № __211__ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы
№ 73 жана 2024-жылдын 30-октябрындагы № 321 буйруктарына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 «Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Туруктуу мекеме менен байланышпаган, Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, чет өлкөлүк уюмдун кирешелеринен алынуучу салык боюнча отчеттун (FORM STI-106) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Туруктуу мекеме менен байланышпаган, Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, чет өлкөлүк уюмдун кирешелеринен алынуучу салык боюнча отчеттун (FORM STI-106) формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.»;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин түрүнүн коду көрсөтүлөт:
| Кирешенин коду | Төлөнгөн кирешелердин аталышы |
| 001 | Дивиденддер жана пайыздык кирешелер |
| 002 | Камсыздандыруу төлөмдөрү |
| 003 | Автордук гонорарлар, роялти |
| 004 | Жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер |
| 005 | Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер |
| 006 | Капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы катышуу үлүшүн сатуудан түшкөн кирешелер |
| 007 | 249-1 жана 249-2 - беренелерине ылайык салык салынууга тийиш болгон, чет өлкөлүк уюмдун кирешелери |
- 23 жана 24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. 6-графада киреше төлөнгөн дата же акча каражаттары которулган дата көрсөтүлөт.
24. 7-графада төлөнгөн кирешенин суммасы же которулган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.»;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. 7 жана 8-графалардын «Бардыгы» сабында ар бир барак боюнча «Жалпы» саптарынын суммаланган маанилери көрсөтүлүшү жана Отчеттун тиркемесинин корутунду барагында гана чыгарылышы керек.
Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын жогорку бурчуна барактын номери коюлат. Мисалы: «001».
Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын аягында Отчетко кол койгон жетекчинин же аны алмаштырган адамдын же салык өкүлүнүн колу коюлат.»;
3) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Бирдиктүү салык боюнча отчеттун (FORM STI-091-5) формасы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-5) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 1-пункт томонкудой редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул тартип бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-5) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.»;
- 35 жана 36-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«35. 062-уячада 058 жана 061-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
36. 063-уячада Салык кодексинин 423-беренесинин 1, 12, 3, 8 жана 13-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү субъект тарабынан ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.»;
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«39. 066-уячада накталай формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.»;
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«42. 069-уячада накталай эмес формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.»;
- 93-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«93. 163-уячада 052, 055, 062, 065, 072, 079, 086, 132, 135, 138, 141, 144, 147, 150, 153, 156, 159 жана 162-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.»;
- 108-113-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«108. 172-уячада 168 жана 171-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
109. 262-уячада 258 жана 261-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы керсөтүлөт.
110. 362-уячада 358 жана 361-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
111. 173, 263 жана 363-уячаларда Салык кодексинин 423-беренесинин 1, 12, 3, 8 жана 13-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү субъект тарабынан ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
112. Ушул уячалардын маанилеринин суммасы 063-уячасынын маанисине барабар болууга тийиш.
113. 176, 266 жана 366-уячаларда накталай формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 066-уячасына көчүрүлөт.»;
- 116-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«116. 179, 269 жана 369-уячаларда накталай эмес формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячалардын маанилеринин суммасы Отчеттун 069-уячасына көчүрүлөт.»;
- 167-169-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«167. 224-уячада 162, 165, 172, 175, 182, 189, 196, 199, 202, 205, 208, 211, 214, 217, 220 жана 223-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
168. 314-уячада 252, 255, 262, 265, 272, 279, 286, 289, 292, 295, 298, 301, 304, 307, 310 жана 313-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
169. 414-уячада 352, 355, 365, 365, 372, 379, 386, 389, 392, 395, 398, 401, 404, 407, 410, жана 413-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.»;
5) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI-142) формасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI-142) формасын толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
7) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Роялти боюнча отчетту (FORM STI-138, FORM STI-139, FORM STI-140) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.»;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. 068, 071, 074, 077, 080, 083, 086 жана 089-уячаларда сууну кошпогондо, салык базасы көрсөтүлөт.
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүне ылайык роялтинин салык базасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) КНСти, сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошкондо түшкөн акча же алтынды, кумушту жана платинаны кошпогондо, пайдалуу кендерди кайра иштетүүгө чейинки алардын өздүк наркы;
2) салык мезгилинде сатылган металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы.
Металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болгон учурда, анда роялтинин салыктык базасы катары металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.»;
- 37-пункт томонкүдей редакцияда баяндалсын:
«37. Тиркеменин 168, 171, 174, 177, 180, 183, 186, 189, 218, 221, 224, 227, 230, 233, 236, 239, 268, 271, 274, 277, 280, 283, 286 жана 289-уячаларында сууну кошпогондо, салык базасы көрсөтүлөт.»
8) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсепти толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
9) жогоруда аталган буйруктун 20, 24 жана 25-абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
10) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-162) формасы ушул буйруктун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
11) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
- 13-пункттун Эскертүүсүндө «, алар тарабынан такталышы мүмкүн» деген сөздөр алып салынсын;
- 37-пунктта жана анын Эскертүүсүндө, 38-пункттун 1-3-пунктчаларында, 47, 62, 64 жана 78-пункттарда «зер буюмдарын өндүрүүдөн» деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө «жана / же айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген КНС төлөөчүнүн соода иши» деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-пунктта:
а) 1-пунктчада «эсеп-фактурасынын» деген сездерден кийин «,Аванстын АЭД» деген аббревиатура жана соз менен толукталсын;
б) 3-пунктчанын биринчи абзацында «ББЭД түрү» деген аббревиатура жана соз «Серия» деген созге алмаштырылсын;
в) 4-пунктчанын таблицасында:
- жеткирүүлердүн 102, 116 жана 117-коддорунун аталышында «зер буюмдарын өндүрүү» деген сөздерден кийин тиешелүү жөндөмеде «жана/же айыл чарба өндүрүүчүсу же айыл чарба кооперативи же айыл чарба соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн салык телөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген КНС төлөөчүнүн соода иши» деген сөздөр менен толукталсын;
- жеткирүүлөрдүн 213-кодунун аталышында "Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча органдын чечими боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктчада «зер буюмдарын өндүрүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана / же айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген КНС төлөөчүнүн соода иши» деген сөздөр менен толукталсын;
г) 44-пунктта:
- биринчи абзацтагы акыркы суйлөмгө чейинки суйлөмдө «жеткирүүнүн оңдолгон» деген сөздөр «алгачкы эсеп-фактуранын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы акыркы сүйлөм алып салынсын;
д) 52-пункттун 3-пунктчасында жана 66-пункттун 2-пунктчасында «ББЭД түрү» деген аббревиатура жана сүйлөм «Серия» деген сөзгө алмаштырылсын;
ж) 54-пунктта:
- биринчи абзацта «/же» деген сез алып салынсын;
- 1-пунктчада «төлөм документинин жазып берилген» деген сөздөр «айдын акыркы күнүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчада «төлөм документинин номери» деген сөздөр «аванстын жарым-жартылай же толук түшкөн документинин номери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктчада «ББЭД түрү» деген аббревиатура жана сүйлөм «Серия» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 8-пунктчада үчүнчү абзац алып салынсын;
з) 55-пункттун 2-пунктчасында:
- тертүнчү абзацта ««О» мааниси» деген цифра жана суйлем «Аванстын АЭД номери» деген суйломдорго жана аббревиатурага алмаштырылсын;
- бешинчи абзацта «ББЭД түрү» деген аббревиатура жана суйлом
«Серия» деген сезге алмаштырылсын;
- тогузунчу абзац алып салынсын;
- он экинчи абзацта «толтурулбайт» деген сез «толтурулат» деген сөзго алмаштырылсын;
и) 55-пунктта акыркы Эскертүү темонкүдой мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Мурда кол менен таризделген авансты жабуу учурунда "ИСН" 6- графада "0000000000000" цифралары керсетүлет.»;
12) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун (FORM STI-129) формасы ушул буйруктун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
13) Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORM STI-129) толтуруу жана беруу тартиби ушул буйруктун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-октябрындагы № 321 «Кыйыр салыктар боюнча отчеттун жана товарларды ташып кирүу жана кыйыр салыктарды телое женунде арыздын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү женүнде» буйругуна томонкүдей өзгортүүлер киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун (FORM STI-123) формасы ушул буйруктун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун (FORM STI-123) формасын толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т.Оморов) ушул буйрук менен бекитилген салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүу тартиптерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк болүкторүне жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төраганын орун басарларына К.А.Ысабековго, Б.М.Джиенбековго, М.А.Рахмановго жана А.А.Алманбетовго жүктолсүн.
6. Ушул буйрук теменкулерду кошпогондо, 2025-жылдын 1-январынан тартып кучүне кирет:
- 2025-жылдын 1-июлдан тартып кучуне кирүучу 1-пункттун 12 жана 13-пунктчаларын;
- 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктту.
Төрага А.Н.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү…Приказ · 24.02.2022 · № 73
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.