# МСКнын 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 08.01.2025
- Редакциянын күнү: 08.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-201>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/201>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу (08.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-201

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 08 апреля \_\_\_\_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № 230\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы

№ 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин 6-пунктунун 1-пунктчасын аткаруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын12-февралындагы №37 «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 «ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн» белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү формасын жана тартибин бекитүү тууралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген «ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн» белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү тартибинде:

1) 7-пункттун 3-абзацы алып салынсын;

2) 9-пунктта:

- в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«в) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, суроо-талап алынган күндөн тартып акыркы алты жыл ичинде катталган салыктар боюнча отчеттордун болушун текшерет;»;

- д) пунктчасынын экинчи абзацы алып салынсын;

3) 9-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9-1. Салык төлөөчүнү тобокелдик критерийлерине киргизген учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында маалымкатты тариздөө үчүн жооптуу салык кызматынын кызматкери Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген субъекттерден башка бардык субъекттерге карата салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу милдеттенмеси жөнүндө белги коет.

Тобокелдик критерийлери болуп, МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 114 буйругу менен бекитилген Товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу тартибинде аныкталган тобокелдик даражасына баа берилүүчү белгилер саналат.»;

4) 11-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Маалымкатты берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

a) салык төлөөчүнүн мурдагы отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторун бербөөсү;

б) кыйыр салыктар боюнча салык карызынын болушу;

в) Креативдүү индустрия паркынын резиденттерин кошпогондо, салык төлөөчүнүн бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы (0%, 0,1%, 0,5% жана 1%) боюнча ишкердик иш жүргүзүүсү;

г) салык төлөөчүдө импортко пландаштырылган товарларды жайгаштыруу үчүн менчик укугунда жана/же тиешелүү кыймылсыз мүлк объекттерин убактылуу пайдалануу укугунда объекттердин жоктугу;

д) ЭЭФ МСтеги эсептик жазуусун токтото туруу (бөгөттөө) жөнүндө колдонуудагы чечимдин болушу;

e) тигүү жана текстиль тармагын кошпогондо, патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзүү.»;

5) 15-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

6) 16-пунктта:

- в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«в) берилген документтерде жана/же ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен ишкердик иш жүргүзүү орду дал келбесе (ЭТТК милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш болгон товарларды импорттоодо), же болбосо субъектте ансыз экономикалык иш жүргүзүү мүмкүн болбогон импортко пландаштырылган товарларды жайгаштыруу үчүн менчик укугунда жана/же тиешелүү кыймылсыз мүлк объекттерин убактылуу пайдалануу укугунда объекттер жок болсо;»;

- к) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«к) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда, ЭТТКны милдеттүү колдонууга тийиш болгон товарларды импорттоочу салык төлөөчүнүн ЭТТК модулундагы иши токтотулганда.».

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары М.А. Рахмановго жүктөлсүн.

Төрага A.Н. Шыкмаматов
