# МСКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 308 "Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 308 "Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2023
- Редакциянын күнү: 15.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-20>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/20>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 308 "Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө" буйругу (15.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-20

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_15\_ноябрь\_\_ 2023-ж. / г. № \_\_\_308\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Сальгк кодексинин 51-беренесинин 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:

1.Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- ЕАЭБ алкагында бир юридикалык жактын ичинде өткөрүп берүүгө байланыштуу товарлардын импорту/экспорту жөнүндө кабарлоо формасы UVEDOMLENIE ЅТІ-003 жана аны толтуруу жана берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- ЕАЭБ алкагында товарларды убактылуу киргизүү/чыгаруу жөнүндө UVEDOMLENIE ЅТІ-004 кабарлоо формасы жана aны толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;

- ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн эл аралык көргөзмө жана/же жарманке жөнүндө UVEDOMLENIE STI-005 уюштуруучунун кабарлоосунун формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- ЕАЭБ алкагында товарларды убактылуу ташып келүү/чыгаруу жөнүндө билдирүүлөрдү толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 22-февралындагы № 67 «Кабарлоолорду толтуруу жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (Мурзакматов А.А.) ушул буйрук менен бекитилген кабарлоо формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Документгер менен камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмү (А.Ж. Маматбекова) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекетгик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык салык башкармалыктарына жеткирилсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.

| Төрага | А.К. Абдувапов |
