# МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-199>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/199>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-199

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_17 февраль\_\_\_\_ 2025-ж. / г. № 109 |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда маалыматтык системаларды интеграциялоону ишке ашырууга байланыштуу, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 «Салык органдары тарабынан берилүүчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү, мүлк салыгы боюнча карызы жоктугу/бар экендиги жөнүндө маалымкаттардын формаларын бекитүү тууралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун 4-пунктчасы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 «Салык органынын Бирдиктүү терезесинин иш регламентин бекитүү жөнүндө» буйрукка төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык органынын бирдиктүү терезесинин иштөө регламентинин 3-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана Б.М.Джиенбековго жүктөлсүн.

Төрага A.Н.Шыкмаматов
