# МСКнын 2025-жылдын 1 сентябрындагы "Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 1 сентябрындагы "Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 485
- Кабыл алынган күнү: 01.01.2025
- Редакциянын күнү: 01.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-197>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/197>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 1 сентябрындагы "Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу" буйругу (01.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-197

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_1 сентября 2025-ж. / г. № 485 |  | г. Бишкек ш. |

Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын

суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 "Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесинин 11-пунктун ишке ашыруу жана колдонууда бирдиктүү тартипти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

1. Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин (ZVN STI-221) формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрук менен бекитилген чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына аткаруу жана иш үчүн жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары М.А.Рахмановго жүктөлсүн.

Төрага А.Н. Шыкмаматов
