Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын 2025-жылдын 1 сентябрындагы «Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| _1 сентября 2025-ж. / г. № 485 | г. Бишкек ш. |
Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын
суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 "Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесинин 11-пунктун ишке ашыруу жана колдонууда бирдиктүү тартипти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Салык карызын эсептен чыгарууда ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин (ZVN STI-221) формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрук менен бекитилген чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына аткаруу жана иш үчүн жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары М.А.Рахмановго жүктөлсүн.
Төрага А.Н. Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.