Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __29 май___ 2025-ж. / г. № ___323___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин 6-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларын аткаруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүүдө импортко КНСти төлөөнүн толуктугуна жана өз убагында төлөнүшүнө тиешелүү контролду камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү формасын жана тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү тартибинде:
9-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тобокелдик критерийлери болуп, тобокелдик даражасына баа берилүүчү белгилер саналат, алсак:
- Маалымкатты биринчи алуу;
- мурда берилген Маалымкатты жокко чыгаруу;
- салык төлөөчүнүн салыктык каттоо орду өзгөргөн жана юридикалык жактын уюштуруучусу алмашкан учурда салык төлөөчүнү кайра каттоо.”
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б.М.Джиенбековго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук 2025-жылдын 30-майынан тартып күчүнө кирет.
Төрага А.Н.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.