# МСКнын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 529
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2025
- Редакциянын күнү: 19.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-192>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/192>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (19.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-192

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_19 сентября\_\_ 2025-ж. / г. № 529 |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 "Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомун аткаруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304 "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү формасын жана тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү тартибинде:

- 9-пункттун "т" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"г) кыйыр салыктар боюнча таанылган салык карызынын болушун текшерет.";

-11-пункттун "б" пунктчасында "боюнча" деген сөздөн кийин "таанылган" деген сөз менен толукталсын;

-11-пункттун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) Салык төлөөчүнүн бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы (0% жана 0,5%) боюнча ишкердик иш жүргүзүүсү, ошондой эле салык төлөөчүнүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык боюнча

катталгандыгы:"

-16-пункттун "б" пунктчасында "боюнча" деген сөздөн кийин

"таанылган" деген сөз менен толукталсын;

- 16-пункттун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"г) салык отчетун толтурууда салык төлөөчү тарабынан салыктардын суммасын азайтуу жөнүндө күбөлөндүрүүчү фактылар, ошондой эле товарларды импорттоону карабаган салык режимин колдонуусу аныкталганда;".

2) "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты чакыртып алуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечиминин (DOC STI-207) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 18-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 304

буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" белгиси менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечиминин (DOC STI-206) формасы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б.М.Джиенбековго жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Төрага A.Н.Шыкмаматов
