# МСКнын 2025-жылдын 15-майындагы № 297 "Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн токтотууда жана юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салыктык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча салык органдарынын иштөө регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 15-майындагы № 297 "Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн токтотууда жана юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салыктык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча салык органдарынын иштөө регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2025
- Редакциянын күнү: 15.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-189>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/189>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 15-майындагы № 297 "Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн токтотууда жана юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салыктык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча салык органдарынын иштөө регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу (15.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-189

---

Эскертүү, бул документ күчүн жоготту!

МСКнын 2025-жылдын 19-июнундагы №362 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 15 май 2025-ж. / г. № 297 |  | г. Бишкек ш. |

Жеке ишкерлердин иши токтотулганда жана юридикалык

жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салык

милдеттенмелерин контролдоону камсыз кылуу боюнча салык

органдарынын ишинин регламентин бекитүү жөнүндө

Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын салык милдеттенмесинин тобокелдигинин бар же жок экендиги жөнүндө кабарлоосуна, ошондой эле жеке ишкер катары каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызына өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

1. Жеке ишкерлердин иши токтотулганда жана юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салык милдеттенмелерин контролдоону камсыз кылуу боюнча салык органдарынын ишинин регламенти (мындан ары - Регламент) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын начальниктери:

1) кызматкерлерге билдирүү жана Регламенттин жоболорунун сакталышын контролдоону камсыз кылышсын;

2) Регламентке ылайык ишти жоюу жана токтотуу мөөнөттөрүнүн так сакталышын камсыз кылышсын.

3. Салык телөөчүлорду эсепке алуу башкармалыгы, чараларды талдоо жана координациялоо башкармалыгы жана салык тобокелдиктерин талдоо башкармалыгы ушул буйруктун аткарылышын контролдоону камсыз кылышсын.

4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрук менен бекитилген Регламентти мамлекеттик жана расмий тилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

5. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республиканын Финансы министрлигине Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

6.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.

Төрага А.Н. Шыкмаматов

КР Финансы министрлигине

караштуу Мамлекеттик салык

кызматынын 15.05.2025-ж. №297 буйругу менен бекитилди

Жеке ишкерлердин ишин токтотууда жана юридикалык жактарды,

филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салык милдеттенмелерин

контролдоону камсыз кылуу боюнча салык органдарынын иш

регламенти

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Иш регламенти юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын салык милдеттенмесинин тобокелдигинин бар же жок экендиги жөнүндө кабарламасына, ошондой эле жеке ишкер катары каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызына жол-жоболорду тартипке келтирүү жана өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

2. Жеке ишкердин ишин токтотуунун жол-жобосу жана аймактык салык органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ички өз ара аракеттенүү тартиби

2. Жеке ишкер катары ишин токтотууга ниеттенген салык төлөөчү аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнө (мындан ары - СТИБ) төмөнкүлөрдү берет:

- каттоону жокко чыгарууга арыз (DOC STI-164);

- инсандыгын ырастоочу документ;

- жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө кагаз жүзүндө берилген күбөлүгүнүн түп нускасы же күбөлүктүн жоголгондугу тууралуу расмий басылмадагы кулактандыруу.

3. Арыз документ жүгүртүү модулунда/системасында алынган күнү жана аткаруу убактысы 13 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө катталат.

4. Арызды алууда СТИБ кызмат адамы салык төлөөчүнүн өздүк эсеп карточкасын бардык зарыл болгон салык отчетторунун жана декларацияларынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 99-беренесинин ченемдерине, доонун эскирүү мөөнөтүнө ылайык тапшырылгандыгын текшерет, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) маалыматтык тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну камсыз кылат.

5. Арыз кабыл алынгандан кийин СТИБ кызмат адамы 2 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө салык төлөөчүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүүчү бөлүмгө Салык кодексинин 124-беренесине ылайык жеке ишкерлердин ишин токтотууда жана юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жоюуда салык толөөчүгө иликтөө кызматтык кат тариздейт жана жиберет.

6. Документтердин жана кызматтык каттын тариздөөсүн эсепке алуу менен СТИБден кызматтык кат алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө иликтөө жүргүзүлөт.

Иликтөө коммерциялык банктарга суроо-талаптарды жүргүзүүнү жана транзакциялык активдүүлүктү изилдөөнү камтыйт.

7. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында салык органынын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимин жана иликтөө актысын тиркөө менен кызматтык кат таризделет.

8. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча салык милдеттенмесинин тобокелдиги жок болгон учурда кызматтык кат андан ары салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн СТИБге жиберилет.

9. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча салык милдеттенмесинин тобокелдиги болгон учурда кызматтык кат салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү бөлүмгө жиберилет.

10. Салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү бөлүмдүн кызмат адамы кызматтык каттын жана жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктарынын негизинде, Салык кодексинин 117-119-беренелерин жетекчиликке алуу менен көчмө текшерүү жүргүзүүнү дайындайт жана иликтөөнүн жыйынтыктары алынган учурдан тартып 2 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө чарбакер субъектти жана алдыдагы көчмө текшерүү мезгилин көрсөтүү менен СТИБге кызматтык катты жиберет.

11. Салык төлөөчү текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон жана талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук тартипте кароо жүргүзүлгөндөн башка учурларда, текшерүүнүн жыйынтыктары салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен СТИБге берилүүгө тийиш.

12. СТИБ кызмат адамы жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык каттын негизинде салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат жана салыктык милдеттенменин тобокелдиктери жок же салык карызы жок болгон учурда көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечими тиешелүү негизди алгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде чыгарылат.

3. Юридикалык жакты жоюунун жол-жобосу жана аймактык

салык органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ички өз ара аракеттенүү

тартиби

13. Юстициянын аймактык органы юридикалык жакты жоюу процессинин башталышы жөнүндө кабарлама жиберет.

14. Кабарлама документ жүгүртүү модулунда/системасында алынган күнү жана аткаруу убактысы 13 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө катталат.

15. Кабарламаны алган учурда СТИБ кызмат адамы салык төлөөчүнүн өздүк эсеп карточкасын бардык зарыл болгон салык отчетторунун жана декларацияларынын Салык кодексинин 99-беренесинин ченемдерине, доонун эскирүү мөөнөтүнө ылайык тапшырылгандыгын текшерет, ошондой эле МСКнын маалыматтык тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну камсыз кылат.

16. Кабарлама кабыл алынгандан кийин СТИБ кызмат адамы 2 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө салык төлөөчүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүүчү бөлүмгө Салык кодексинин 124-беренесине ылайык иликтөө жүргүзүү үчүн кызматтык катты тариздейт жана жиберет.

17. Документтердин жана кызматтык каттын тариздөөсүн эсепке алуу менен СТИБден кызматтык кат алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө иликтөө жүргүзүлөт.

Иликтөө коммерциялык банктарга суроо-талаптарды жүргүзүүнү жана транзакциялык активдүүлүктү изилдөөнү камтыйт.

18. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында салык органынын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимин жана иликтөө актысын тиркөө менен кызматтык кат таризделет.

19. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча салыктык милдеттенменин тобокелдиги жок болгон учурда кызматтык кат андан ары даярдоо жана жоопту юстициянын аймактык органына жөнөтүү үчүн СТИБге жиберилет.

20. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча салык милдеттенмесинин тобокелдиги болгон учурда кызматтык кат салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү бөлүмгө жиберилет.

21. Салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү бөлүмдүн кызмат адамы кызматтык каттын жана жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктарынын негизинде, Салык кодексинин 117-119-беренелерин жетекчиликке алуу менен көчмө текшерүү жүргүзүүнү дайындайт жана иликтөнүн жыйынтыктары алынган учурдан тартып 2 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө чарбакер субъектти жана алдыдагы көчмө текшерүү мезгилин көрсөтүү менен СТИБге кызматтык катты жиберет.

22. Салык төлөөчү текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон жана талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук тартипте кароо жүргүзүлгөндөн башка учурларда, текшерүүнун жыйынтыктары салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен СТИБге берилүүгө тийиш.

23. СТИБ кызмат адамы төмөнкүдөй негиздердин бирин алгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде юридикалык жакты жоюу жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө юстициянын аймактык органынын Кабарламасына карата тиешелүү жоопту жиберет:

- жүргүзүлгөн иликтөөнүн милдеттенмесинин тобокелдиктеринин жоктугу боюнча кызматтык кат;

- жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жана алдыдагы көчмө текшерүүнүн мезгилин көрсөтүү менен салыктык милдеттенмесинин тобокелдиктеринин болушу боюнча кызматтык кат;

- салык карызы жок болгон учурда көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечими.
