# МСКнын 2025-жылдын 29 майындагы № 324 "Депозиттик эсептен акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө арыз жана чечимин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 29 майындагы № 324 "Депозиттик эсептен акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө арыз жана чечимин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2025
- Редакциянын күнү: 30.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-187>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/187>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 29 майындагы № 324 "Депозиттик эсептен акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө арыз жана чечимин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу (30.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-187

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 29 май 2025-ж. / г. № 324 |  | г. Бишкек ш. |

Депозиттик эсептен акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө арыз жана чечимин формасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнү алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча" чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Евразия экономикалык билигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу, аларды пайдалануу жана кайтаруу тартибин аткаруу максатында, буйрук кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Товарларды импорттоодо салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине акча каражаттарын которуу жана/же депозиттик эсептен кайтаруу жөнүндө арыздын (DOC STI-216) формасы 1-тиркемеге ылайык;

- Товарларды импорттоодо депозиттик эсепке которулган акча каражаттарын салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине которуу жана/же кайтаруу же баш тартуу жөнүндө чечимдин (DOC STI-217) формасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жетекчилик кылуу жана иш үчүн жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карашуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б.М. Джиенбековго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук 2025-жылдын 30-майынан тартып күчүнө кирет.

| Төрага | А.Н.Шыкмаматов |
