# МСКнын 2026-жылдын 17-июнундагы № П-275 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2026-жылдын 17-июнундагы № П-275 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № П-275
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2026
- Редакциянын күнү: 17.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-186>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/186>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2026-жылдын 17-июнундагы № П-275 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө" буйругу (17.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-186

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_17 июня\_\_ 2026-ж. / г. № \_\_П-275\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 9-июнундагы № 46 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы№ 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн прейскуранты (мындан ары – прейскурант) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси (Качкынбай уулу Ш.) прейскурантты аткарууга кабыл алсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) бекитилген прейскурантты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.

Төрага А.Н. Шыкмаматов
