# МСКнын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 735
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-180>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/180>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-180

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_23 декабрь \_\_\_\_\_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № 735\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин иш процесстерин өркүндөтүү жана "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык тутумунун иштешин оптималдаштыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтото туруу боюнча салык органдарынын ишинин регламентинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Салык кызматынын органы тарабынан ЭЭФ маалыматтыксистемасында Комиссиянын маалымкатынын негизинде

Ушул Регламенттин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча токтото туруу жөнүндө кабарлама түзүлөт. Кабарламаны чыгаруу ЭЭФ маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтотот.";

- 10, 11, 12, 13, 20 жана 21-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18. Салык кызматынын органы тарабынан ЭЭФ маалыматтык системасында Комиссиянын маалымкатынын негизинде ушул Регламенттин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кайра жаңыртуу жөнүндө кабарлама түзүлөт. Кабарламаны чыгаруу ЭЭФ маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун кайра жаңыртат.";

- 9 жана 19-пункттарда "чечим" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "кабарлама" деген сөзгө алмаштырылсын;

- Регламенттин 1-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Регламенттин 2-тиркемеси ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери ушул буйруктун 1-пунктунда аталган буйрук менен бекитилген "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтото туруу боюнча салык органдарынын ишинин регламентинин талаптарын так сактоону камсыз кылышсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык башкармалыктарына жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Алманбетовго жүктөлсүн.

Төрага А.Н. Шыкмаматов
