Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __23 декабрь _______ 2025___-ж. / г. № 735_____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин иш процесстерин өркүндөтүү жана "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык тутумунун иштешин оптималдаштыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтото туруу боюнча салык органдарынын ишинин регламентинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Салык кызматынын органы тарабынан ЭЭФ маалыматтыксистемасында Комиссиянын маалымкатынын негизинде
Ушул Регламенттин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча токтото туруу жөнүндө кабарлама түзүлөт. Кабарламаны чыгаруу ЭЭФ маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтотот.";
- 10, 11, 12, 13, 20 жана 21-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Салык кызматынын органы тарабынан ЭЭФ маалыматтык системасында Комиссиянын маалымкатынын негизинде ушул Регламенттин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кайра жаңыртуу жөнүндө кабарлама түзүлөт. Кабарламаны чыгаруу ЭЭФ маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун кайра жаңыртат.";
- 9 жана 19-пункттарда "чечим" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "кабарлама" деген сөзгө алмаштырылсын;
- Регламенттин 1-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Регламенттин 2-тиркемеси ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери ушул буйруктун 1-пунктунда аталган буйрук менен бекитилген "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун токтото туруу боюнча салык органдарынын ишинин регламентинин талаптарын так сактоону камсыз кылышсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык башкармалыктарына жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Алманбетовго жүктөлсүн.
Төрага А.Н. Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Приказ ГНС "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики" от 28 апреля 2023 года № 101Приказ · 28.04.2023 · № 101
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.