# МСКнын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 512 "Электрондук патенттин, камсыздандыруу полисинин жана жалданма жумушчуга патенттин формаларын, аларды салык органдарында электрондук форматта берүү тартибин, ошондой эле иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын суммасын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 512 "Электрондук патенттин, камсыздандыруу полисинин жана жалданма жумушчуга патенттин формаларын, аларды салык органдарында электрондук форматта берүү тартибин, ошондой эле иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын суммасын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 512
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2025
- Редакциянын күнү: 12.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-179>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/179>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 512 "Электрондук патенттин, камсыздандыруу полисинин жана жалданма жумушчуга патенттин формаларын, аларды салык органдарында электрондук форматта берүү тартибин, ошондой эле иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын суммасын бекитүү жөнүндө" буйругу (12.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-179

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_12 сентября 2025-ж. / г. № 512\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Электрондук патенттин, камсыздандыруу полисинин жана жалданма жумушчуга патенттин формаларын, аларды салык органдарында электрондук форматта берүү тартибин, ошондой эле иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын суммасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 457 жана 461-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугуна патентти, камсыздандыруу полисин,ошондой эле жалданма жумушчуга патентти электрондук форматта берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн патенттин негизиндеги салыктын суммасы 2-тиркемеге ылайык;

3) райондор боюнча жеке ишкердик иши үчүн иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын суммасы 3-тиркемеге ылайык;

4) райондор боюнча жеке эмгек иши үчүн иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын суммасы 4-тиркемеге ылайык;

5) электрондук патенттин (RNK STI-005) формасы 5-тиркемеге ылайык;

6) соода чөйрөсүндөгү ишке электрондук патенттин/полистин (RNK STI-220) формасы 6-тиркемеге ылайык;

7) соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөгө милдеттенменин (FORM STI-222) формасы 7-тиркемеге ылайык;

8) электрондук камсыздандыруу полисинин (STI SF-002) формасы 8-тиркемеге ылайык;

9) жалданма жумушчуга патенттин формасы (RNK STI-009) 9-тиркемеге ылайык;

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 273 "Электрондук патенттин, камсыздандыруу полисинин жана жалданма жумушчуга патенттин формаларын, аларды салык органдарында электрондук форматта берүү тартибин, ошондой эле иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын суммасын бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы "Электрондук патент/полис" маалыматтык тутумунда патенттин ставкалары жана түрлөрү боюнча маалымдамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин, ошондой эле ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жетекчиликке алуу жана иш үчүн жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттиксалык кызматынын төрагасынын орун басары М.А.Рахмановго жүктөлсүн.

Төрага A.Н. Шыкмаматов

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 12.09.2025-ж.

№ 512 буйругуна 1-тиркеме

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу чөйрөсүндө иш жүргүзүү укугуна патентти, камсыздандыруу полисин, ошондой эле жалданма жумушчуга патенттиэлектрондук форматта берүү тартиби

Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 413, 416, 426, 459-беренелерине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүлөргө электрондук патентти, жалданма жумушчуга патентти электрондук форматта берүүнүн тартибин, ошондой эле жеке ишкерлердин, жеке жактардын электрондук камсыздандыруу полисин алуусунун тартибин белгилейт.

1.Жалпы жоболор

1. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:

ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайты (мындан ары - ЫУСОнун сайты) – маалыматтарды жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде электрондук патентти, камсыздандыруу полисин жана жалданма жумушчуга патентти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук порталы;

перифериялык түзүлүштөр – банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка түзүлүштөр;

электрондук патент – ЫУСОнун сайты аркылуу алынган, салык төлөөчүнүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укугун, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн күбөлөндүрүүчү жана патентти колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кирешелерди алууну ырастаган электрондук документ;

жалданма жумушчуга патент – салык төлөөчүнүн жалданма жумушчулары үчүн салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгүн күбөлөндүрүүчү ЫУСОнун сайты аркылуу алынган электрондук документ;

электрондук камсыздандыруу полиси – жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан белгилүү өлчөмдө жана белгилүү бир мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө ЫУСОнун сайты аркылуу алынган электрондук документ.

2. Электрондук патент жана камсыздандыруу полисин алуу үчүн салык төлөөчүдө төмөнкүлөрдүн болушу зарыл:

- жашаган жери же ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органында салыктык же эсептик каттоосу;

- катталган жери боюнча аймактык салык органынан алынуучу жөнөкөй электрондук кол тамгасы (логин) же ЫУСОнун сайты аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (мындан ары – ЫУСО АМТ) кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн күчөтүлгөн квалификациялуу электрондук колтамгасы (логин);

- иштин түрүнө жараша салыктын жана камсыздандыруу полисинин суммасын ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө ыкмасы менен төлөөгө.

3. Салыктын жана камсыздандыруу полисинин суммасы салык төлөөчү тарабынан банк мекемеси, перифериялык түзүлүштөр, POS-терминал, электрондук капчык, интернет жана/же мобилдик банкинг, ЫУСО АМТ түзүлгөн QR-код жана төлөм коду аркылуу жүргүзүлөт.

4. Электрондук патенттин жана/же электрондук камсыздандыруу полисинин, ошондой эле жалданма жумушчунун патентинин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын электрондук патентке жана/же электрондук камсыздандыруу полисине, ошондой эле жалданма жумушчунун патентине түшүрүлгөн QR-кодду тиешелүү мобилдик тиркемеси бар мобилдик түзүлүш аркылуу сканерлөө жолу менен текшерүүгө болот.

5. Электрондук патенттин жана/же электрондук камсыздандыруу полисинин, ошондой эле жалданма жумушчунун патентинин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү бузулган же жоголгон учурда салык төлөөчү (жумуш берүүчү) патентти жана/же камсыздандыруу полисин ЫУСО АМТ аркылуу кайра басып чыгара алат.

6. Электрондук патент жана электрондук камсыздандыруу полиси, ошондой эле жалданма жумушчунун патенти төмөнкүдөй учурларда жарактуу деп эсептелет:

- өтмө уникалдуу номер, QR-код жана ЫУСО АМТ тиешелүү маалымат болгон учурда;

- анын атына (аталышына) электрондук патент жана электрондук камсыздандыруу полиси берилген салык төлөөчү үчүн;

- электрондук патент жана электрондук камсыздандыруу полисин, ошондой эле жалданма жумушчуга патент алган салык төлөөчү иштеген райондун (шаардын) аймагында.

7. ЫУСОнун сайты аркылуу түзүлгөн электрондук патент жана/же электрондук камсыздандыруу полисин алуу үчүн толтурулган өтүнмөнү өтүнмө толтурулган күнү саат 23:59:59 чейин төлөнүшү керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөм жүргүзүлбөсө, өтүнмө толтурулган өтүнмөлөрдүн тизмесинен автоматтык түрдө өчүрүлөт.

8. Салыкты жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө салык төлөөчү тарабынан ар бир соода же кызмат көрсөтүү түйүнү үчүн өзүнчө жүргүзүлөт.

9. Патент сатып алынышы мүмкүн:

- учурдагы календардык жылдын калган айларына соода иши үчүн;

- калган иштери үчүн катары менен келген 15, 30, 90, 180 же 365 күнгө. Эгерде 90 күнгө патент алынса, салыктын суммасы 5 пайызга, 180 күнгө – 10 пайызга, 365 күнгө – 15 пайызга төмөндөтүлөт.

- жалданма жумушчуларга катары менен келген 30, 90 же 180 күнгө.

10. Патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн укугу жок:

- соода ишин кошпогондо, катары менен келген 12 айдын ичинде түшкөн акчасынын жалпы көлөмү 8 000 000 сомдон ашкан жеке жак;

- алмашуу бюросунун жана/же күрөөкананын кызматтарын көрсөтүүчү субъекттерди кошпогондо, уюм;

- тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн субъектисин кошпогондо, товарларды импорттоочу жеке жак;

- жалпы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү жеке жак.

11. Салык органы төмөнкү учурларда патентти жокко чыгарууга укуктуу:

- салык төлөөчү патентте көрсөтүлгөн ишке дал келбеген иштин түрүн жүргүзсө;

- салык төлөөчү башка салык төлөөчүгө берилген патент боюнча иш жүргүзсө;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка бузуулар болсо.

Салык кызматынын кызматкери ЫУСО автоматташтырылган маалыматтык тутумда патентти жокко чыгаруу себебин көрсөтүү менен жокко чыгарууну жүргүзөт.

Патентти жокко чыгарууда салык органы үч күндүк мөөнөттө бул жөнүндө салык төлөөчүгө билдирүүгө милдеттүү.

12. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте колдонуу мөөнөтү ал жеткис күч жагдайларынын мезгилине туура келген учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларда патенттин негизиндеги салыктын суммасын кайра эсептөөнү кошпогондо, салыктын суммасы белгиленген болуп саналат жана патент сатып алынгандан кийин кайра эсептелбейт, ал эми төлөнгөн салыктын суммасы патент сатып алынгандан кийин кайра берилүүгө жана чегерилүүгө жатпайт.

Эгерде соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү экономикалык ишин токтоткон учурда, калган айларга салыктын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилбейт, эсепке алынбайт жана кайра эсептелбейт.

13. Соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү соода аянты жана/же учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда салык төлөөчү ишкердик жүргүзгөн жери боюнча салык органына календардык жылдын калган айларына түшкөн акчанын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө жана түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасы менен патент сатып алууга милдеттүү.

14. Ал жеткис күч жагдайларынын натыйжасында иши токтотулган учурда салык төлөөчү ишин кайра жандандырууда ишти токтото туруу датасын көрсөтүү менен патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кагаз же электрондук формада аймактык салык органына арыз берет. Салык төлөөчү кагаз түрүндө басылган электрондук патенттин бланкын салык кызматынын органдарына бергенден кийин салык органынын кызмат адамы иш жанданган күндөн тартып пайдаланылбаган калган күндөргө патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги жана штамп коюуга милдеттүү.

15. Иштин төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, патент берилген гана аймакта (район, райондорго бөлбөстөн шаар же Бишкек шаары) жарактуу болуп саналат:

- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (облус, республика жана эл аралык багыттар боюнча);

- курьердик кызматтын кызматтары (облус жана республика боюнча);

16. Патентсиз иш жүргүзгөн же ушул Тартиптин пункттарын бузган учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

17. Патентсиз иш жүргүзүү каттоосуз иш жүргүзүү жана/же салык салуудан качуу деп таанылат.

2. Салык кызматынын аймактык органынан патентти жана камсыздандыруу полисин электрондук форматта алуу

18. Салык кызматынын аймактык органынан электрондук патент алуу үчүн ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органында салыктык же эсептик каттоосу бар салык төлөөчү ырастоо үчүн паспортун көрсөтүүгө милдеттүү, андан кийин салык органынын кызматкери жеке логинди жана сыр сөздү идентификациялоо аркылуу ЫУСО АМТсына патент алууга электрондук өтүнмөнү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толтурат:

- телефон номерлери;

- иш жүргүзгөн дареги;

- объекттин аталышы;

- иштин түрү;

- патенттин колдонуу мөөнөтү;

ЫУСО АМТда жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү, жеке ишкер жашаган жеринин дареги, ошондой эле эгерде салык төлөөчү пенсионер же I, II жана III топтогу майып болсо, анда статусу “пенсионер”, “I топтогу майып”, “II топтогу майып” же “угуусу боюнча III топтогу майып” автоматтык түрдө түзүлөт.

Патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизиндеги салыктын суммасы иштин түрүнө, патенттин колдонуу мөөнөтүнө жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөргө жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Эгерде укук коргоо органдарынан чектүү куракка жеткендиги боюнча пенсияга чыккан салык төлөөчү пенсионер болуп саналса, салык органынын кызматкери төмөнкүдөй маалыматтарды киргизүү менен статусун кол менен өзгөртөт:

- укук коргоо органынын аталышы;

- күбөлүктүн номери;

- күбөлүктүн берилген датасы;

- пенсиялык күбөлүк.

Андан кийин, кызматкер сактоо баскычын басканда, салык төлөөчүнүн статусу пенсионерге өзгөрөт.

Бардык уячаларды толтургандан кийин, кызматкер “Ырастоо жана төлөө” баскычын басат, анда төлөм коду же QR-код түзүлөт, ал салык төлөөчүгө төлөө үчүн берилет. Андан ары салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзөт.

Ийгиликтүү төлөгөндөн кийин патентке өтмө уникалдуу номер жана QR-код ыйгарылат, патенттин статусу “Активдүү” болуп өзгөрөт жана кызматкер тутум аркылуу салык төлөөчүгө кагаз жүзүндө электрондук патентти басып чыгарат.

Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда, электрондук патент түзүлбөйт.

3. Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу патентти жана камсыздандыруу полисин электрондук форматта алуу

19. Электрондук патент алуу үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгасы бар салык төлөөчү ЫУСО АМТда электрондук патент алууга өтүнмөнү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толтурат:

- телефон номерлери;

- иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органынын аталышы;

- иш жүргүзгөн дареги;

- объекттин аталышы;

- иштин түрү;

- патенттин колдонуу мөөнөтү;

ЫУСО АМТда жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү, жеке ишкер жашаган жеринин дареги, ошондой эле эгерде салык төлөөчү пенсионер же I, II жана III топтогу майып болсо, анда статусу “пенсионер”, “I топтогу майып”, “II топтогу майып” же “угуусу боюнча III топтогу майып” автоматтык түрдө түзүлөт.

Жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү, жеке ишкердин жашаган жеринин дареги ЫУСО АМТда автоматтык түрдө түзүлөт.

Патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизиндеги салыктын суммасы иштин түрүнө, патенттин колдонуу мөөнөтүнө жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөргө жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Бардык уячаларды толтургандан кийин, салык төлөөчү “Ырастоо жана төлөө” баскычын басат, анда төлөө үчүн төлөм коду же QR-код түзүлөт. Андан ары салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзөт.

Ийгиликтүү төлөгөндөн кийин патентке өтмө уникалдуу номер жана QR-код ыйгарылат, патенттин статусу “Активдүү” болуп өзгөрөт жана салык төлөөчү тутум аркылуу кагаз жүзүндө электрондук патентти басып чыгарат.

Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда, электрондук патент түзүлбөйт.

4.Үчүнчү жактардын (коммерциялык банктардын, мобилдик байланыш операторлорунун ж.б.) санариптик платформалары аркылуу электрондук патентти жана электрондук камсыздандыруу полисин алуу

20. Жашаган жери же ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органында салыктык же эсептик каттоосу бар салык төлөөчү электрондук патент алууга өтүнмөнү санариптик платформада төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толтурат:

- иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органынын аталышы;

- электрондук почта;

- телефон номери;

- иш жүргүзгөн дареги;

- объекттин аталышы;

- иштин түрү;

- патенттин колдонуу мөөнөтү;

Эгерде салык төлөөчү пенсионер же I, II жана III топтогу майып болсо, анда статусу “пенсионер”, “I топтогу майып”, “II топтогу майып” же “угуусу боюнча III топтогу майып” автоматтык түрдө түзүлөт.

Санариптик платформада жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү автоматтык түрдө түзүлөт.

Патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизиндеги салыктын суммасы иштин түрүнө, патенттин колдонуу мөөнөтүнө жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөргө жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Ийгиликтүү төлөгөндөн кийин патентке өтмө уникалдуу номер жана QR-код ыйгарылат, патенттин статусу “Активдүү” болуп өзгөрөт жана салык төлөөчү санариптик платформа аркылуу электрондук патентти кагаз жүзүндө басып чыгара алат.

Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда, электрондук патент түзүлбөйт.

Бул пунктту салык төлөөчүнүн салыктык сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактын алуусуна жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана колдонууга болот.

5.Электрондук камсыздандыруу полисин алуу

21. Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү төмөнкүдөй камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр ишке ашырат:

1) жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөөчү (анын ичинде патент сатып алуу жолу менен);

2) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алгандар;

3) берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сый акы) алгандар;

4) жеке ишкердик менен алектенген чет өлкөлүк жарандар;

5) текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма жумушчулар (бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салык төлөөчү текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер тарабынан жалдангандарды кошпогондо);

6) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун “а” пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма жумушчулар;

7) учурдагы жана/же келечектеги мезгилге камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен жеке камсыздандыруу эсебин ыктыярдуу негизде толуктоону каалаган жеке жактар;

8) өткөн мезгилдер үчүн камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу стажын калыбына келтирүүнү каалаган жеке жактар;

9) өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн, 1 гектардан аз жер үлүшүн жана/же участогун же анын бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алган же ээлик кылган, учурдагы жана/же келечектеги мезгилге камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен жеке камсыздандыруу эсебин ыктыярдуу негизде толуктоону каалаган дыйкан (фермер) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;

10) 1 гектардан аз жер үлүшүн жана/же участогун же анын бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алган же ээлик кылган жеке жактар;

11) жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жактар.

Электрондук камсыздандыруу полисин алуу үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгасы бар салык төлөөчү ЫУСО АМТда электрондук камсыздандыруу полисин алууга өтүнмөнү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толтурат:

- идентификациялык салык номери;

- иш жүргүзгөн жери же жашаган жери боюнча аймактык салык органынын аталышы;

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин түрү;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгили.

Салык төлөөчүнүн аты-жөнү, жашаган жеринин дареги ЫУСО АМТ автоматтык түрдө түзөт.

Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөөчүлөр, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алгандар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сый акы) алгандар үчүн полис айдагы календардык күндөрдүн санына берилет.

Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салык төлөгөндөр (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алгандар), берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сый акы) алгандар үчүн полис айдагы календардык күндөрдүн санына берилет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө жеке жактын иш жүзүндө жашаган жери боюнча учурдагы ай үчүн жана кийинки мезгил үчүн, айдагы календардык күндөрдүн санына гана жүзөгө ашырылат.

1996-жылдын январынан баштап камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана жеке камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу полистерин жеке жактын иш жүзүндө жашаган жери боюнча айдагы календардык күндөрдүн санына сатып алышат.

Камсыздандыруу полиси иш башталганга чейин же отчеттук ай үчүн кийинки айда сатып алынат.

Эгерде салык төлөөчүнүн эки же андан көп соода орундары, объектилери болсо, анда камсыздандыруу полиси ар бир соода түйүнүнө, объектисине же кызмат көрсөтүүгө өзүнчө сатып алынат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү ырасталбаган учурда, камсыздандыруу полиси түзүлбөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы белгиленген жана камсыздандыруу полистери сатып алынгандан кийин кайра эсептелбейт, өзгөртүлбөйт, кайтарылбайт, эсепке алынбайт.

Тарифти туура тандоо жана керектүү маалыматтарды толтуруу салык төлөөчүнүн өзүнүн жоопкерчилигинде жана район/шаар, тариф, ИСН боюнча маалыматтар өзгөртүлбөйт.

Бир эле мезгилге камсыздандыруу полиси сатып алынган жана бар болгон учурда гана, эгерде “Стажды калыбына келтирүү” тарифи боюнча мезгилди тандоодо ката кетирилсе, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде камсыздандыруу полисинин мезгилин өзгөртүүгө болот.

6.Соода чөйрөсүндөгү ишке электрондук патент жана

электрондук камсыздандыруу полисин алуу

22. Электрондук патент алуу үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгасы бар салык төлөөчү ЫУСО АМТ электрондук патент алууга өтүнмө толтурат.

Соода ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекти үчүн патент алуунун кошумча шарты болуп соода ордунун жана/же объектинин болушу эсептелет.

Бир объектте (соода ордунда) иш жүргүзүү бир гана патентти сатып алуу менен жол берилет.

Эң башында салык төлөөчү арыздын статусун тандайт:

“Алгачкы” – өтүнмө бир райондо көрсөтүлгөн календардык жыл үчүн биринчи жолу түзүлгөндө көрсөтүлөт;

“Такталган” – салык төлөөчү мурда берилген алгачкы өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизгенде, көрсөтүлгөн календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда жана/же салык төлөөчү экономикалык ишин токтоткон учурда (эгерде салык төлөөчү бүткүл мезгил үчүн же кийинки айлар үчүн төлөгөн болсо, анда бул учурда такталганы кабыл алынбайт) көрсөтүлөт, мында салык төлөөчү өткөн айлар үчүн такталганды тапшыра албайт. Кийинки калган айлар гана такталууга тийиш.

Андан кийин салык төлөөчү төмөнкү маалыматтарды киргизет:

- телефон номери;

- иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органынын аталышы;

- иштин түрү;

- базардын же кичи базардын аталышы (эгерде салык төлөөчү базарда же кичи базарда иш жүргүзсө);

- объекттин аталышы;

- өтмөктүн/катардын номери;

- контейнердин номери/соода орду;

- экономикалык иш жүргүзүүнүн башталыш мезгили (экономикалык иш аяктаган мезгил автоматтык түрдө календардык жылдын аягы коюлат);

- учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын көлөмү.

Айлардын санын жана календардык жылдын калган айларына патенттин суммасын ЫУСО АМТ автоматтык түрдө түзөт.

Эгерде салык төлөөчүдө эки же андан көп соода орундары болсо, анда төлөөчүнүн өтүнмөсүндө ар бир соода орду боюнча түшкөн акчанын көлөмү өзүнчө көрсөтүлөт.

ЫУСО АМТда жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү, жеке ишкер жашаган жеринин дареги, ошондой эле эгерде салык төлөөчү пенсионер же I, II жана III топтогу майып болсо, анда статусу “пенсионер”, “I топтогу майып”, “II топтогу майып” же “угуусу боюнча III топтогу майып” автоматтык түрдө түзүлөт.

Патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизиндеги салыктын суммасы иштин түрүнө, патенттин колдонуу мөөнөтүнө жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөргө жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Бардык уячаларды толтургандан кийин, салык төлөөчү “Ырастоо жана төлөө” баскычын басат, анда төлөө үчүн төлөм коду же QR-код түзүлөт. Андан ары салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзөт.

Соода чөйрөсүндөгү ишке патенттин негизинде салык төлөөчү патент алуу үчүн календардык жылдын жок дегенде бир айы үчүн төлөөгө милдеттүү. Салык төлөөчү календардык жылдын калган айлары үчүн салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

Ийгиликтүү төлөгөндөн кийин патентке өтмө уникалдуу номер жана QR-код ыйгарылат, патенттин статусу “Активдүү” болуп өзгөрөт жана салык төлөөчү тутум аркылуу электрондук патентти кагаз жүзүндө басып чыгара алат.

Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда, электрондук патент түзүлбөйт.

23. Салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына патент берүү жөнүндө кайрылган учурда аймактык салык органы ошол салык төлөөчүгө патент берүүгө милдеттүү.

Мында салык төлөөчү салык органынын кызматкерине паспортунун көчүрмөсүн, ошондой эле ижара келишимин берүүгө милдеттүү.

Соода чөйрөсүндөгү иш үчүн салык төлөөгө ниеттенген салык төлөөчү арызды алдыдагы календардык айдын 1-күнүнө чейин берүүгө милдеттүү, салык төлөөчүнүн патенттин негизинде ишкердик ишти жүргүзүүсү арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн башталат. Эгерде салык төлөөчү учурдагы календардык айга патент алууну ниеттенсе,анда патентти алуу күнүнө карабастан, бул ай үчүн салыктын базалык суммасы толугу менен колдонулат.

Салык боюнча милдеттенмени аткаруу ар бир айдын 1-күнүнөн кечиктирилбестен, ай сайын бирдей үлүштөрдө жүргүзүлөт.

Патенттин суммасы календардык жылдын калган айларына эсептелип, төлөнөт, мында салыктын төлөнгөн суммасы патент алынгандан кийин кайтарылбайт.

Соода борборлорунан жана базарлардан тышкары, аянты 30 чарчы метрге чейинки соода жайларында товарларды сатуу үчүн ставкаларды колдонуу соода жайынын чегинен тышкары кампа жок болгон учурда гана жол берилет.

7.Жалданма жумушчуга патент алуу

24. Жалданма жумушчуга патент экономикалык иш жүргүзгөн жана төмөнкүлөрдүн негизинде салык төлөгөн жеке ишкер (иш берүүчү) тарабынан сатып алынат:

- патенттин негизинде;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун 1-пунктчасына жана 8-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салыктын негизинде;

- өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке.

Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгасы бар салык төлөөчү (иш берүүчү) ЫУСО АМТ жалданма жумушчуга патент алууга арызды төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен толтурат:

- жалданма жумушчунун ИСНи;

- объекттин аталышы;

- иш жүргүзгөн дареги;

- жалданма жумушчунун телефону;

- иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органынын аталышы;

- иштин түрү;

- патенттин колдонуу мөөнөтү;

- жалданма жумушчунун бир ай үчүн эмгек акысы;

ЫУСО АМТда жеке ишкердин идентификациялык салык номери жана аты-жөнү, жалданма жумушчунун аты-жөнү, эгерде жалданма жумушчу пенсионер же I, II жана III топтогу майып болсо, анда статусу “пенсионер”, “I топтогу майып”, “II топтогу майып” же “угуусу боюнча III топтогу майып” автоматтык түрдө түзүлөт.

Жумушчуга патенттин суммасы ар бир календардык жылга республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Камсыздандыруу полисинин суммасы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифине, аймактык салык органына жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мезгилине жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Бардык уячаларды толтургандан кийин, салык төлөөчү “Ырастоо жана төлөө” баскычын басат, анда төлөө үчүн төлөм коду же QR-код түзүлөт. Андан ары салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзөт.

Ийгиликтүү төлөгөндөн кийин патентке өтмө уникалдуу номер жана QR-код ыйгарылат, патенттин статусу “Активдүү” болуп өзгөрөт жана салык төлөөчү тутум аркылуу электрондук патентти кагаз жүзүндө басып чыгара алат.

Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгү ырасталбаган учурда, электрондук патент түзүлбөйт.

Жалданма жумушчуга патент салык төлөөчү (иш берүүчү) тарабынан жалданган ар бир жумушчуга өзүнчө сатып алынат.

25. Жеке ишкер (иш берүүчү) экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча жалданма жумушчуга патент берүү жөнүндө аймактык салык органына кайрылган учурда аймактык салык органы ошол салык төлөөчүгө жалданма жумушчуга патент берүүгө милдеттүү.

Мында иш берүүчү салык органынын кызматкерине паспорттун көчүрмөсүн, эмгек келишимин, ошондой эле жалданма жумушчунун паспортунун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү
