# МСКнын 2025-жылдын 18 -февральдагы №118 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарын башкаруу тутуму менен интеграциялоо тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 18 -февральдагы №118 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарын башкаруу тутуму менен интеграциялоо тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2025
- Редакциянын күнү: 18.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-178>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/178>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 18 -февральдагы №118 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарын башкаруу тутуму менен интеграциялоо тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу (18.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-178

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 18 февраля 2025-ж. / г. № 118 |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарын башкаруу тутуму менен интеграциялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 108 жана 128-беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле субъекттердин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарды башкаруу тутуму менен иштешүү процессин жөнөкөйлөтүү жана өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына Мамлекеттик салык кызматынын электрондук сервистерин берүүгө карата жалпы талаптарды аныктоо максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарын башкаруу тутуму менен интеграциялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Респуб. икасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесине жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары К.А.Ысабековго жүктөлсүнТ

| Төраганын м.у.а | Н.Дж Умтулов |
