# Кыргыз Респбуликасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Респбуликасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна озгөртүү киргизүү жөнүндо

- Толук аталышы: Кыргыз Респбуликасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Респбуликасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна озгөртүү киргизүү жөнүндо
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2025
- Редакциянын күнү: 14.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-169>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/169>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Респбуликасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Респбуликасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна озгөртүү киргизүү жөнүндо (14.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-169

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_14 февраля \_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № 104 |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Респбуликасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Респбуликасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна озгөртүү киргизүү жөнүндо

Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн талаптарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтому менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексиини ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасында:

- Эсеп-фактураны тариздоо жана колдлонуу тартиби ушул буйруктун

тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, К.А.Ысабековго жүктөлсүн.

3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынынын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага А.Н.Шыкмаматов
