# МСКнын 2025-жылдын 14-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 14-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2025
- Редакциянын күнү: 14.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-167>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/167>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 14-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (14.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-167

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_14 февраля \_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № \_102\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 29 «Жеке ишкер тарабынан ишкердик иштин кошумча түрлөрүн жүзөгө ашыруу тууралуу арыздын, салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин жана жер участогун, мүлк объектисин физикалык ченөөнү жүзөгө ашыруунун датасы жана убактысы жөнүндө билдирүүнүн формаларын бекитүү туралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин DOC STI-195 формасы ушул буйруктун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда алтынчы абзац менен толукталсын:

«- Салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу боюнча чечимди кабыл алуу тартиби».

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырсын.

2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карташтуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана К.А.Ысабековго жүктөлсүн.

Төрага А.Н. Шыкмаматов
