# О внесении изменений в приказ Государственной налоговойслужбы при Министерстве финансов Кыргызской Республики от 30 апреля 2024 года № 133

- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2025
- Редакциянын күнү: 18.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-166>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/166>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в приказ Государственной налоговойслужбы при Министерстве финансов Кыргызской Республики от 30 апреля 2024 года № 133 (18.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-166

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| 18 февраля\_\_\_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № 120\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 133 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомун ишке ашыруу, ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону жакшыртуу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 133 «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана товарлардын каталогун киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: «8) Товарлардын айрым түрлөрү үчүн кошумча маалыматтардын тизмеси 8-тиркемеге ылайык.»;

2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. 2025-жылдын 3-мартынан тартып «Товарлардын каталогу» модулунда товарларды кошууга табыштаманы толтурууда товарлардын төмөнкү түрлөрүнө карата кошумча маалымат милдеттүү түрдө берилери белгиленсин:

1) автомобилдик бензин 271012110-2710129008, 2710191100-2710191500, 2710192500 ТЭИ ТН коддору менен;

2) дизелдик отун - 2710192900, 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 ТЭИ ТН коддору менен;

3) автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу жаратылыш газы (метан) - 2711110000, 2711210000 ТЭИ ТН коддору менен;

4) автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу мунай газ (пропан) - 2711121100, 2711121900, 2711129700 ТЭИ ТН коддору менен;

5) мажбурланып от алдыруучу кыймылдаткычтар үчүн этанолдук отун

- 2710124190 ТЭИ ТН коду менен;

6) Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциялары.»;

3) жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 8-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Санариптик трансформациалоо башкармалыгы:

1) «Товарлардын каталогу» модулун белгиленген тартипте өндүрүштүкишке киргизсин;

2) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана

аймактык башкармалыктарына, Мамлекеттик салык кызматынын

алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесине маалымат жана иш үчүн жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлкеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары К.А.Ысабековго жүктөлсүн.

| Төрага м.у.а. | Н.Дж. Умтулов |
