# МСКнын 2025-жылдын 29-майындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буйруктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 29-майындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буйруктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № 322
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-165>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/165>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 29-майындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буйруктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-165

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_29 май\_\_ 2025-ж. / г. № \_\_322\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буйруктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүнө киргендигине байланыштуу, буйрук кылам:

1. Төмөнкү буйруктар күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 17-февралындагы №114 “Товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча кажараттарын киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 6-мартындагы №161 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 17-февралындагы №114 “Товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча кажараттарын киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” буйругу.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту кыйыр салыктарды толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Б.М. Джиенбековго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук 2025-жылдын 30-майынан тартып күчүнө кирет.

Төрага А.Н. Шыкмаматов
