# МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 113 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 113 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-158>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/158>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 17-февралындагы № 113 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-158

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_17 февраль\_\_\_\_ 2025\_\_\_-ж. / г. № \_\_113\_\_\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыйыр салыктарды башкаруунун толуктугун камсыз кылуу максатында,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнун салык салынуучу наркы жана Еврйазия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибине ылайык, буйрук кылам:

1.Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын томонку буйруктары күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 248 "Товарлардын импортунун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө”;

- 2024-жылдын 19-январындагы №19 "Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчему белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

- 2024-жылдын 16-июлундагы №202 "Товарларды импортоонун салык салынуучу наркынын олчему белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т.Оморов) Тизмекти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын жана маалыматтык тутумдарды ылайыкка келтирсин.

4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарына иш үчүн жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.Дж. Умтуловго жүктөлсүн.

6 Ушул буйрук 2025-жылдын 23-февралынан тартып күчүнө кирет.

Төрага А.Н.Шыкматов
