# О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики от 30 апреля 2024 года № 133

- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 520
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-156>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/156>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в приказ Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики от 30 апреля 2024 года № 133 (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-156

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_15 сентября \_\_\_\_ 20\_\_\_-ж. / г. № 520\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 133 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Салыктык башкаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ташуучу ишкердик контролдун субъекттерине натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 133 "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана товарлардын каталогун киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөө жана жүгүртүү тартибинде:

- 35-пункт темөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"35. ЭТТКны алуудан баш тарткан учурда сатып алуучу/алуучу себебин тандоого милдеттүү:

а) туура эмес маалыматтар менен же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган ЭТТКны алуу. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчу четке кагылган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаны ЭТТК жазып берүүгө милдеттүү;

б) жеткирүүну жокко чыгарууга жана товарларды алуудан баш тартууга. Эгерде жөнөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү четке кагылган/чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүүү менен жаны ЭТТК жазып берүүге милдеттүү.";

- төмөнкүдей мазмундагы 351-пункт менен толукталсын:

“351. ЭТТКны чакыртып алууда жеткирүүчү/жөнөтүүчу чакыртып алуунун себебин тандоого милдеттүү:

1) түзүлгөн ЭТТКдагы туура эмес маалыматтар же өзгөртүүлөрду киргизүүнү талап кылган маалыматтар. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттуу;

2) жеткирүүнү жокко чыгаруу жана алуучунун товарларды алуудан баш тартуусу. Эгерде женөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттүү.".

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, аймактык башкармалыктарына жана Кыргыз Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсун.

| Төрага | А.Н. Шыкмаматов |
| --- | --- |
|  |  |
