# МСКнын 2026-жылдын 26-мартындагы № 138 "Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2026-жылдын 26-мартындагы № 138 "Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: № 138
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2026
- Редакциянын күнү: 26.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-152>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/152>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2026-жылдын 26-мартындагы № 138 "Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (26.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-152

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_26 март\_\_ 2026-ж. / г. № \_\_\_138\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Салык карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 80-беренесине шайкеш келтирүү максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 129 “Салык кызматы органынын карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечиминин

(NEDOIMKA STI-030) формасы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) бекитилген чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын жана аны insp.salyk.kg тутумуна киргизсин.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.М. Рахмановго жүктөлсүн.

Төрага А. Н. Шыкмаматов
