# МСКнын 2025-жылдын 4-февралындагы №72 "Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 4-февралындагы №72 "Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 04.01.2025
- Редакциянын күнү: 04.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-146>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/146>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 4-февралындагы №72 "Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө" буйругу (04.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-146

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_\_4 февраль\_\_\_\_2025 -ж. / г. № \_\_\_72\_\_\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен “Учкун” ачык акционердик коомунун ортосундагы атайын мамлекеттик бланктарды – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияга, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркаларды даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча 2025-жылдын 31-январындагы № 95 келишими түзүлгөндүгүнө байланыштуу, буйрук кылам:

1. Жогоруда көрсөтүлгөн келишим боюнча «Учкун» ачык акционердик коому тарабынан даярдалган акциздик маркалардын номиналдык наркы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталсын:

– алкоголдук продукцияга – 1000 даанага 2 250 сом;

– тамеки продукциясына – 1000 даанага 450 сом;

– никотин камтыган жана башка акциздик продукцияга, мотор майларына – 1 000 даанага 1000 сом;

– алкоголсуз суусундуктарга – 1000 даанага 1200 сом.

2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктары салык төлөөчүлөрдү тааныштырсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.Дж.Умтуловго жүктөлсүн.

Төрага А.Н.Шыкмаматов
