Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| ___4 февраль____2025 -ж. / г. № ___72_____ | г. Бишкек ш. |
Атайын мамлекеттик бланктардын – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияларына, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркалардын номиналдык наркын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен “Учкун” ачык акционердик коомунун ортосундагы атайын мамлекеттик бланктарды – алкоголдук, тамеки, никотин камтыган, башка акциздик продукцияга, мотор майларына жана алкоголсуз суусундуктарга акциздик маркаларды даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча 2025-жылдын 31-январындагы № 95 келишими түзүлгөндүгүнө байланыштуу, буйрук кылам:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн келишим боюнча «Учкун» ачык акционердик коому тарабынан даярдалган акциздик маркалардын номиналдык наркы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталсын:
– алкоголдук продукцияга – 1000 даанага 2 250 сом;
– тамеки продукциясына – 1000 даанага 450 сом;
– никотин камтыган жана башка акциздик продукцияга, мотор майларына – 1 000 даанага 1000 сом;
– алкоголсуз суусундуктарга – 1000 даанага 1200 сом.
2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктары салык төлөөчүлөрдү тааныштырсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.Дж.Умтуловго жүктөлсүн.
Төрага А.Н.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.