Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 “Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __02 сентябрь 2025-ж. / г. № ___487____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 “Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 “Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 “Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимдин (NEDOIMKA STI-029) формасы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары М.А.Рахмановго жүктөлсүн.
Төрага А.Н.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 21.02.2022 · № 66