# МСКнын 2025-жылдын 7-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: МСКнын 2025-жылдын 7-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 07.01.2025
- Редакциянын күнү: 07.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-144>
- Расмий булак: <https://sti.gov.kg/kenesh/144>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/salyk-npa-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: МСКнын 2025-жылдын 7-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (07.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/salyk-npa-144

---

| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ |  | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ |
| --- | --- | --- |
|  | БУЙРУК ПРИКАЗ |  |
| \_\_07 июль 2025-ж. / г. № \_\_\_399\_\_\_ |  | г. Бишкек ш. |

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоонун (NEDOIMKA STI-017) формасы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т.Оморов) кабарлоонун формасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын жана insp.salyk.kg системасына киргизсин.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту иш жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төраганын орун басары М.А.Рахманов
