Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 “Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __29_август___ 2025-ж. / г. № ___484___ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 “Салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунда № 185 «Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктын түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 73 “Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Бирдиктүү салык боюнча отчеттун (FORM STI-091_7) формасы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091_7) толтуруу жана берүү тартиби ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакциядабаяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) ушул буйрук менен бекитилген салык отчеттуулугунун формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйрук 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Төраганын м.у.а. А.А. Алманбетов
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 29-августундагы № 484 буйругуна 2-тиркеме
Бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-7) толтуруу жана берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү бирдиктүү салык боюнча отчетту (FORM STI-091-7) (мындан ары – Отчет) толтуруунун жана берүүнүн
тартибин аныктайт.
2. Отчет электрондук документ түрүндө берилет.
3. 001-уячасында:
- эгерде Отчет отчеттук мезгилинде биринчи жолу берилип жатса, “Х” түрүндөгү белги “алгачкы” уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде ушул эле отчеттук мезгил үчүн мурда Отчет берилип, бирок кийин берилген Отчетто оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, “Х” түрүндөгү белги “такталган” уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде Отчет төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу берилсе, “Х” түрүндөгү белги “жоюулуучу” уячасына коюлат.
4. I бөлүмдө “Салык төлөөчү жөнүндө маалымат” 102 – 107-уячалар “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык тутуму менен автоматтык түрдө толтурулат.
5. 201-уячада Отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
6. 202-уячада Отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
7. 901-уячада салык органы Отчетту кабыл алган датасы көрсөтүлөт.
2. Отчеттун “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүн
толтуруу тартиби
8. Ишкердик субъекттери жүргүзгөн ишине жараша “Бирдиктүү салык жөнүндө маалымат” II бөлүмүнүн тиешелүү уячалары толтурулат.
9. 050-уячада өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектти, импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, субъект тарабынан жүргүзүлгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт, катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмү 50 000 000 сомго чейинкини түзөт.
10. 051-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
11. 052-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (050-уячанын мааниси х 051-уячанын мааниси) / 100% формула боюнча аныкталат.
12. 053-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
13. 054-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
14. 55-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (053-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
15. 056-уячада “А” пунктунда көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан накталай эмес формада төлөнгөн соода ишинен түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
16. 057-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
17. 058-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (056-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
18. 059-уячада 055 жана 058-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
19. 060-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иши, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагы боюнча накталай формада төлөнгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
20. 061-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
21. 062-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (060-уячанын мааниси х 061-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
22. 063-уячада айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, товарларды өндүрүү, туроператордук жана турагенттик иш, ошондой эле эсептөө техникасы жаатында программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагы
боюнча накталай эмес формада төлөнгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
23. 064-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
24. 065-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (063-уячанын мааниси х 064-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
25. 066-уячада 062 жана 065-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
26. 067-уячада иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
27. 068-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
28. 069-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (067-уячанын мааниси х 068-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
29. 070-уячада иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай эмес формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
30. 071-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
31. 072-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (070-уячанын мааниси х 071-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
32. 073-уячада 069 жана 072-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
33. 074-уячада коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
34. 075-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
35. 076-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (074-уячанын мааниси х 075-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
36. 077-уячада коомдук тамактануу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан накталай эмес формада төлөнгөн түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
37. 078-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
38. 079-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (077-уячанын мааниси х 078-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
39. 080-уячасында 076 жана 079-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
40. 130-уячада тигүү жана/же текстиль өндүрүшү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
41. 131-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
42. 132-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (130-уячанын мааниси х 131-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
43. 133-уячада зер буюмдарын өндүрүү жана/же сатуу боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
44. 134-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
45. 135-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (133-уячанын мааниси х 134-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
46. 136-уячада лотереялык иш боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
47. 137-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
48. 138-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (136-уячанын мааниси х 137-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
49. 139-уячада сауна боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
50. 140-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
51. 141-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (139-уячанын мааниси х 140-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
52. 142-уячада бильярд боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
53. 143-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
54. 144-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (142-уячанын мааниси х 143-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
55. 145-уячада муниципалдык мончолорду кошпогондо, мончо боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
56. 146-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
57. 147-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (145-уячанын мааниси х 146-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
58. 148-уячада креативдүү индустрия паркынын резиденти боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
59. 149-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
60. 150-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (148-уячанын мааниси х 149-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
61. 151-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товардын наркы көрсөтүлөт.
62. 152-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
63. 153-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (151-уячанын мааниси х 152-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
64. 154-уячада айыл чарбасындагы даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
65. 155-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
66. 156-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (154-уячанын мааниси х 155-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
67. 157-уячада айыл чарбасындагы сүт даярдоочунун иши боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
68. 158-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
69. 159-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (157-уячанын мааниси х 158-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
70. 160-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1, 2-1, 3, 8-бөлүктөрүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү, жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине товарларды сатуучу субъекттин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
71. 161-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
72. 162-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
73. 163-уячада ЭЭЗ субъектиси, Салык кодексинин 430-беренесинин 5-1 бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата, товарларды жарым-жартылай иштетилген түрдө ташып чыгууда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
74. 164-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
75. 165-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
76. 166-уячада ЭЭЗ субъектиси, Салык кодексинин 430-беренесинин 5-1 бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата, товарларды өзгөртүлбөгөн түрдө ташып чыгууда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
77. 167-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
78. 168-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (160-уячанын мааниси х 161-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
79. 169-уячада бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт, ал 165 жана 168-уячалардын маанилерине барабар.
80. 170-уячада Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке ишкердин түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
81. 171-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
82. 172-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (170-уячанын мааниси х 171-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
83. 173-уячада мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
84. 174-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
85. 175-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (173-уячанын мааниси х 174-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.
86. 176-уячада виртуалдык активди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасы көрсөтүлөт.
87. 177-уячада бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
88. 178-уячада бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (176-уячанын мааниси х 177-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат
89. 163-уячада 052, 059, 066, 073, 080, 132, 135, 138, 141, 144, 147, 150, 153, 156, 159, 162, 169, 172, 175 жана 178-уячалардын маанисине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 185
- МСКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 12-мартындагы № 67 буйругуна өзгөртүүлөрдү…Приказ · 24.02.2022 · № 73
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.