# Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

- Толук аталышы: Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2022
- Редакциянын күнү: 19.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-5233>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/23/5233>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди (19.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-5233

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын

75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичке катуу сөгүш берилди.
