# «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40643>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40643>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40643

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам геологиялык парктардын (геопарктардын) улуттук тармагын түзүү үчүн өз алдынча укуктук базаны түзүү, уникалдуу геологиялык объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана туруктуу туризм аркылуу региондорду өнүктүрүүгө дем берүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле геологиялык парктардын (геопарктардын) аймактарын коргоонун жана пайдалануунун режимин белгилейт.

Мыйзамда геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүүнүн, иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартибин, ошондой эле геопарктарды уюштуруу жана иштөө эрежелерин караган типтүү жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары каралган.

Ошону менен бирге Мыйзамда геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүү жөнүндө сунуш геологиялык парктын (геопарктын) аймактарында жайгашкан геологиялык объекттердин уникалдуулугунун тиешелүү илимий негиздемесинин негизинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий уюмдардан же коомдук бирикмелерден келип чыгышы мүмкүн экендиги каралган.
