«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Конституциялык Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары – Жогорку Кенеш) тарабынан кабыл алынган.
Конституциялык Мыйзамдын максаты болуп Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссия) ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу, эскирген жана ашыкча жоболорду алып салуу, терминологияны башка ченемдик укуктук актылар менен унификациялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын ээлөө тартибинин өзгөрүшүнөн келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун беш жылдык циклы менен шайлоо округдарын түзүү мөөнөттөрүн аныктоо саналат.
Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары зарыл болгон учурда видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналышка видеоконференция байланышын пайдалануу менен катышкан учурда тиешелүү жыйналышка катышты деп эсептелет;
– эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер же болбосо алардын өкүлү болуп көрсөтүлсө, ал Жогорку Кеңештин чечимисиз милдеттеринен бошотулду деп эсептелет. Мында көрсөтүлгөн учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып токтотулду деп эсептелет;
– шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары жана
чек аралары 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Аталган конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлу № 137 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык…Конституционный Закон · 28.07.2026 · № 137