# “Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2026
- Редакциянын күнү: 21.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40598>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40598>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40598.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (21.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40598

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул конституциялык Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат.

Өзгөчө белгилей кетсек, конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

– Эсептөө палатасы тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү максатында мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга жеткиликтүүлүктү алууга укуктуу экендиги тууралуу ченем менен толукталат;

– тышкы мамлекеттик аудит төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылары тууралуу ченем менен толукталат:

1) санариптик (онлайн) аудит;

2) көчмө аудит;

– ошондой эле төмөнкүдөй ченемдер көрсөтүлгөн:

1) Эсептөө палатасы талаш-тартыш маселелерди аудит жөнүндө отчетто белгилейт;

2) аудит субъектинин каршы пикирлерин кароодо Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын үч өкүлүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин мүчөлөрү – эки депутаттын катышуусу менен өткөрүлөт.
