# «Климаттык иш жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: «Климаттык иш жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2026
- Редакциянын күнү: 10.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40590>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/40590>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Климаттык иш жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду (10.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40590

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич «Климаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 20-майыннда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген таасирин минималдаштырууга, климаттын туруктуулугун камсыз кылууга, климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик саясаттын максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана багыттарын аныктоого, аны иштеп чыгуунун негизги талаптарын, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү каржылоонун негиздерин түзүүгө, мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүүгө жана чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасында илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө багытталган.
