# “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2026
- Редакциянын күнү: 18.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40522>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/40522>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду (18.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40522

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы төмөнкү номинацияларда ыйгарылсын:

1) Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке, жазуучу – “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн;

2) Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы Казаков Тугелбай Токтогуловичке, композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти – “Боз жорго” музыкалык чыгармасы үчүн;

3) Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Абдыкадыр Тилекке, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.
