# «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2026
- Редакциянын күнү: 25.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-40425>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/40425>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-40425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди (25.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-40425

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10–15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Алсак, Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрөт.

Аталган Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
