«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мыйзам менен «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине мамлекеттик жөлөкпулдардын жаңы түрүн – балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпулду (мындан ары – «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу) караган өзгөртүүлөр киргизилген. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Аталган Мыйзам «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоонун тартибин караган 104-берене менен толукталган. Бул беренеге ылайык «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган жана бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу ар бир балага дайындалат.
Жарандар (үй-бүлөлөр) «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.
«Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып ал 3 жашка чыкканга чейин ашпоого тийиш.
Ошондой эле, Мыйзам менен аталган Мыйзамдын 11-беренесине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө – «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат. «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.
Андан тышкары, аталган Мыйзамдын 14-беренесинде мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуунун кошумча шарттары каралган, алар мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы которулган күндөн тартып жөлөкпулду («балага сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк», «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк», «Бала Береке», «Бала ырысы») 6 айдын ичинде (ар айлык социалдык жөлөкпулду – 12 айдын ичинде) талап кылбаганда, ошондой эле «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) балдары үч жашка чыкканда.
Мыйзамда «Бала ырысы» ар айлык жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат деп белгиленген.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 6-марты № 104 "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.03.2026 · № 104
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163